Панаманын Mossack Fonseca юридикалык фирмасынын документтеринин ачыкка чыгып кетиши дүйнөлүк саясатчылар менен алардын жакын адамдарынын офшордук коррупциялык схемаларын белгилүү кылды.

Офшорлордогу коррупциялык схемаларды масштабдуу иликтөө панамалык Mossack Fonseca юридикалык фирмасынын дээрлик 12 млн. документи ачыкка чыгып кеткенден кийин мүмкүн болгон.

Ал документтер «Зюдойче цайтунг» немис гезитинин колуна тийип, ал аларды Уюшкан кылмыштуулук менен коррупцияны изилдөө боюнча борборго (OCCRP) жана Иликтөө журналисттеринин эл аралык консорциумуна (ICIJ) көрсөткөн.

Архивдерди карап чыгуунун жыйынтыгында, дүйнөнүн 400гө жакын журналисти тарабынан офшорлордогу коррупциялык схемалар тууралуу материалдардын сериясы жарыяланган. Аларга 12 мурдагы жана азыркы дүйнөлүк лидерлер, жогорку кызматтагы чиновниктер жана атактуу адамдардын тиешелери болгон.

Орусия: Кремль «иренжиди»

«Панама документтеринин» материалдарынын бири Орусиянын президенти Владимир Путиндин досу, виолончелист Сергей Ролдугинге арналган. Иликтөөгө ылайык, музыкант банк эсептери боюнча 2 млрд. доллардан ашык жүгүртүүсү бар жана Орусиядагы стратегиялык ишканаларга ээ болгон офшорлорду башкарат.

4-апрелде Орусиянын басма сөз катчысы Дмитрий Песков офшорлор боюнча журналисттик иликтөөнүн орусиялык аудиторияга арналганын жана Путинге багытталганын билдирди.

«Путиндин ысымынын эч жерде көрсөтүлбөгөнү жана башка өлкөлөр менен башка лидерлердин ысымдарынын да айтылганы менен биз үчүн мындай нерселердин башкы максаты биздин президентибиз болгону жана болуп келгендиги ачык байкалып турат. Өзгөчө алдыдагы парламенттик шайлоонун алдында», — деди Песков.

Иликтөө жарыяланганга чейин президенттин басма сөз кызматы Путин тууралуу маалыматтардын чыгарылышы күтүлүп жатканын жана «буйрутманын» даярдалып жатканын билдирген.

Орусия чиновниктери менен катар эле панамалык документтерде Дмитрий Песковдун жубайы — фигуристка Татьяна Навканын да ысымы аталган. Анда анын ошфордук компанияга ээ экендиги айтылган. Песков анын жубайында эч качан компания болбогондугун айтып, ал маалыматты четке каккан.

Анын пикиринде, иликтөө — бул чайкоочулук, анткени ал документтердин аныктыгы ырастала элек. Ал иликтөөнүн сапатына Кремль «иренжигенин» анткени алар кыйла квалификацияланган ишти күткөнүн кошумчалады.

Исландия: Премьер-министрдин отставкасын талап кылган митинг

Исландиянын жашоочулары өкмөт башчысынын офшордук компанияга ээ экенин жана ал эсепке бир нече миллион доллар которгонун билгенден кийин премьер-министр Сигмюндюр Давид Гюннлейгссондон кызматтан кетүүсүн талап кылып башташты.

Аны менен катар саясатчы кирешелери тууралуу деклорацияда компаниядагы 50 пайыздык үлүшүн көрсөткөн эмес.

4-апрелде өкмөттүн отставкасын талап кылып Рейкьявикте миңдеген кишилер нааразычылык акциясына чыгышты. Өкмөт башчысынын отставкасы үчүн жазылган интернет-петицияга 20 миңден ашык жаран кол койгон.

Гюннлёйгссондун өзү маалымат жыйынында анын жубайы үй-бүлөлүк компаниялардын бир бөлүгүн сатып, акчаны банкка салганын билдирди. Өкмөт башчы ал банк акчалар менен операцияларды жүргүзгөнүн, бирок ал тууралуу билбегендигин кошумчалады.

Гюннлёйгссон тактоо иретинде узатылган суроого андан ал билбеген нерселер тууралуу сурап жаткандыктарын айтып жооп берди.

«Силер мында эмне кылууга аракет кылып жатасыңар? Бул таптакыр жарабайт», — деп жооп берген соң премьер-министр кетип калган.

Украина: Порошенко юридикалык фирмадан түшүндүрмө талап кылды

«Панама документтеринде» Украинанын президенти Петр Порошенко кондитердик «Рошен» фабрикасын сатууда салык төлөөдөн качуу үчүн түзүлгөн үч офшордук компаниянын ээси катары көрсөтүлгөн.

Порошенконун өзүнүн айтымында, ал президент болгондон кийин корпорацияны башкаруу укуктарын консалтинг жана юридикалык компанияларга өткөрүп берген. Ал «Фэйсбук» соцтүйүнүндөгү баракчасы аркылуу консултанттарынан маалымат каражаттарына түшүндүрмө берүүнү талап кылды.

«Мен Украинада биринчи кызмат адамымын жана өз кирешелеримди декларациялоого, салык төлөөгө жана Украинанын мыйзамдары менен эл аралык жеке укуктардын алкагында чечиле турган кызыкчылыктардын кагылышуусуна олуттуу мамиле кылам. Мен президент болгондон кийин активдерди башкаруудан четтеп, ал ишти тиешелүү консалтинг жана юридикалык фирмаларга тапшыргам. Алар украин жана эл аралык маалымат каражаттарына толук жооп берет деп күтүп жатам», — деп жазды Порошенко.

Улуу Британия: Кэмерондун атасынын офшорлору — бул анын «жеке иши»

Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерондун атасынын офшорлор аркылуу өлкөдөн акчаларды чыгарууга тиешеси бар болушу мүмкүн. Бул тууралуу жарыяланган документтердин биринде жазылган.

Премьер-министрдин расмий өкүлү Кэмерондун атасынын схемаларга тиешеси бар экендиги тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартып, ал сыяктуу суроолор расмий өкүлдөрдүн милдетине кирбей тургандыгын билдирди.

Ал саясатчынын туугандарынын офшорлорунун бардыгы — алардын «жеке иши» экенин кошумчалады.

Саясатчынын өзү 2015-жылдын июлунда Улуу Британия өлкөнү кыймылсыз мүлктөрдү акчалардын изин жашыруу үчүн сатып алып жатышкан офшор компаниялары менен алардын ээлеринен тазалашы керектигин билдирген.

«Мен Улуу Британиянын инвестициялар үчүн эң ачык өлкө болушун каалайм. Бирок мен ал акчалардын бардыгынын тең таза акчалар болушуна ишенгим келет. Улуу Британияда булганыч акчаларга орун жок. Негизи эле аларга дүйнөнүн эч жеринде орун болбошу керек», — деген Кэмерон.

Азербайжан: Алиевдин балдары «жеке бизнеске ээ боло алышат»

OCCRPнин иликтөөсү Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин үй-бүлөсү алты алтын кенине ээ экенин жана 2012-жылы Кыргызстандын беш алтын кенин иштетүүгө лицензия алууга аракет кылганын ачыкка чыгарган.

Панама документтеринде президенттин туугандары өз активдерин жашыруу үчүн Панаманын аймагында катталган компанияларды пайдаланып келгендиктери жазылган. Ошондой эле анда Алиевдин кыздары Британиянын Виргинск аралдарынан фирмаларды сатып алгандыктары көрсөтүлгөн.

Өлкө башчысынын басма сөз катчысы  Азер Гасимов Би-Би-Сиге курган маегинде президенттин балдары — Азербайжандын жеке бизнеске ээ боло ала турган «чоң жарандары» экенин билдирген.

Сүрөт: Birgir Þór Harðarson / Kjarninn Media / EPA / LETA