Президент Алмазбек Атамбаев 7-апрелге бир күн калганда аны эс алуу күнү деп жарыялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Парламент процессуалдык нормаларды бузуу менен мыйзам долбоорун дароо үч окууда тең жактырган.

7-апрелди — 2010-жылдагы апрель революциясы күнүн — эс алуу күнү деп жарыялоо тууралуу мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев тарабынан 6-апрелде кол коюлду. Андан эки күн мурда өлкө башчысы депутаттарга ал мыйзамды кабыл алууну сунуштаган.

Бул эртең, 7-апрель эс алуу күнү болот дегенди түшүндүрөт.

Парламент аны мыйзам долбоорлорун кабыл алуунун процессуалдык нормаларын бузуу менен үч күндүн ичинде жактырган — регламентке ылайык, мыйзам долбоорун кабыл алууда анын окууларынын ортосунда тыныгуулар жана профилдик комитеттерде талкуулоолор болушу керек.

Документ Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыялангандан кийин фракциялардан, комитеттерден, депутаттардан жана жарандык коомчулук өкүлдөрүнөн сунуштарды кабыл алуу үчүн эки жума убакыт өтүшү керек болчу.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин мыйзам долбоорлорун кабыл алуу регламентине ылайык, документти ага өзгөртүүлөрдү киргизип, биринчи окууга даярдай турган жооптуу комитет карашы керек. Андан кийин экинчи жана үчүнчү окууга даярдалат, алардын ортосунда кеминде он күн өтүшү керек болот.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Эдил Эралиевдин айтымында, Жогорку Кеңештин регламентинде эгер долбоорду бардык фракциялар менен профилдик комитеттер колдосо, мыйзамды дароо үч окууда тең кабыл алууга мүмкүндүк бере турган учур бар.

«Регламентте мыйзам долбоорлорун кабыл алуунун ушундай жол-жоболору бар. Алты пункттан турган белгилүү бир критерийлер бар, бирок 7-апрель тууралуу айтсам, ага ал пункттардын бири дагы туура келбейт», — деди Эралиев Kloop.kgге курган маегинде.

Президент Алмазбек Атамбаевдин 7-апрелди эс алуу күнү кылып жарыялоо демилгеси экс-президент Курманбек Бакиев жана анын режими кулатылган 2010-жылдын 7-апрелиндеги «трагедиялуу окуяларды түбөлүккө калтыруу» каалоосу менен түшүндүрүлүүдө.

Ошондой эле Атамбаевдин жарлыгында жыл сайын 17-март (2002-жылдын ал күнү Аксыда демонстранттарга ок атылган) менен 24-мартты (2005-жылдагы «жоогазын революциясы» болгон күн, анда Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев бийликтен кетирилген) белгилеп туруу сунушталган.

Сүрөт: AFP