Бишкектен 10 чакырым алыстыкта жайгашкан анча чоң эмес Милянфан айылынын жашоочулары кыштактын борборундагы бала бакча менен мектептин ортосуна кантип завод пайда болуп калганына таң калып жатышат.

Кыскача:

  • Анча чоң эмес Милянфан айылындагы мектеп менен бала бакчанын ортосуна өндүрүштө химиялык заттарды пайдаланган завод курулган.
  • Айылдын бойго жеткен жашоочуларынын жарымы балдарынын ден соолугу менен экологиянын бузулуусунан кооптонушуп, ишкананын ишке киргизилишине каршы кол коюшкан.
  • Заводдун өкүлдөрү Kloop.kgге аны курууга уруксат берген документтердин жок экенин ырасташты.
  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалык завод мыйзамсыз курулган деген чечим чыгарган.
  • Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү уруксат документтери жок болгондон кийин эмнеге заводдун курулушу улантыла берген деген Kloop.kgнин суроосуна так жооп бере алышкан жок.
  • Иликтөөнүн жыйынтыгында заводдун өкүлдөрү калкка зыянын тийгизбеш үчүн өндүрүштү айылдын борборунан чет жакка көчүрүүнү убадалашты.

Милянфан — төрт миң кишиден бир аз ашык калкы бар Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айыл. Анда болгону бир мектеп жана бир бала бакчасы бар.

Өткөн жылдын октябрында окуу имараты менен бала бакчанын ортосуна дубал жана шыпка керектүү болгон нерселерди иштетип чыгаруу боюнча завод курулуп баштаган. Азыр ишкана курулуп бүттү — аны менен бала бакчанын тосмосу бир жана завод менен бакчанын ортосундагы аралык 50 метрге жетпейт.

Жергиликтүү жашоочулар айыл бийлиги өндүрүштө химиялык заттарды (ПВХ—поливинилхлорид) пайдалана турган заводду окуу имараттарынын жанына курууга кантип уруксат берген деп таң калып жатышат.  

Жарандык активист Салима Джумаза ишкананын курулушунун эмне себептен жактырылгандыгын түшүндүрүп берүү өтүнүчү менен жергиликтүү бийликке бир канча жолу кайрылган. Ал балдардын ден соолуктарынын, экологиянын жана суунун булгануусунан кооптонууда.

«Бала бакча ал завод менен чектеш, аларды тосмо гана бөлүп турат. Булганычтын баары бала бакчанын жанында болот, жайында буулар учуп кетип, зыянынын баары балдарга калышы мүмкүн. Ал жакта менин эки балам ойнойт», — деди Джумаза.

Ал заводдун иштешине каршы кол топтоону демилгелеген — бир айдын ичинде активист ыктыярчылар менен биргеликте айылдын миңден ашык жашоочусу менен сүйлөшүп чыгып, алар заводдун иштеп башташына каршы кыймылга кошулушкан.

Кол койгондордун арасында мектеп директору Айгүл Кунтубаева да бар. Ал завод айылдын борборунда — турак үйлөрдүн, мектептин, бала бакчанын жанында болбошу керек деп эсептейт.

«Менде 1050 окуучу окуйт. Бул цехтин ары жагындагы бала бакчада 200 бала тарбияланат. Биз азыр акча жөнүндө эмес,а балдарыбыздын келечеги тууралуу ойлонушубуз керек. Бул заводду иштетип баштаардан мурда жакшылап ойлонгула», — деди директор.

Уруксат документтери жок курулган

P1070927

Завод «Мансуза В.» деген айыл чарба кооперативинин жеринде жайгашкан. Анын төрагасы, жергиликтүү беделдүү ишкер Джумар Маванкуй Kloop.kgге завод уруксат берчү документтерсиз эле курулуп жатканын айтты.

«Документтер иштелип чыгып жатат, анткени азырынча заводдо жабдуулар жок (материал жарыяланып жаткан маалга карата жабдуулар алынып келинген — редакциянын түшүндүрмөсү). Мен ооруп калып документтер даярдалбай калды, антпесе документтер эчак эле даяр болмок», — деди ишкер.

Ал заводдун курулушун айылдыктар үчүн жумушчу орундарын түзүү жана жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу менен жүйөлөгөн.

Расмий түрдө «Дружба Милянфан» заводуна кытай ишкери Цинь Луцин менен жергиликтүү тургун Мансур Молода ээлик кылышат, бирок айылдагы жыйындарда заводдун кызыкчылыктарын Маванкуй коргойт.

Kloop.kgнин редакциясына заводдун бизнес-планын алууга мүмкүн болду — документке ылайык, заводдун курулушун Кытайдын инвесторлору каржылашы керек.

«Бул сунуш инвесторлор аз эмес акчаларын айыл чарба кооперативинин объектилерин капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жумшай тургандыгы менен пайдалуу», — деп жазылган бизнес-планда.

Документте заводдун курулушу Кыргызстандын ЕАЭБге кириши жана премьер-министр Темир Сариевдин облустарда өнөр жай объектилерин ачуу жана инвестицияларды тартуу тууралуу токтому менен түшүндүрүлгөн.

Завод ээсинин жардамчысы Салима Мабо Kloop.kgге цех азырынча ачыла электигин жана продукция өндүрүп баштай электигин айтты. Аны менен катар ал заводдун ээлери анын курулушу тууралуу мамлекеттик органдарга эскертпегендиктерин ырастады.

«Биз курулуш иштерин куруугу уруксат бере турган документтерсиз эле баштаганбыз. Ал ПВХ-цех, мыйзам боюнча уруксат берилет, бирок биз анын курулушу башталганы тууралуу архитектурага эскерткен эмеспиз», — деди ал.

Мабо азыр экологиялык текшерүүлөр жүрүп жатканын жана эгер мыйзамдуу негиздер жок болсо завод ачылбай тургандыгын кошумчалады. Ал Kloop.kgнин кабарчыларынан мындан ары «айылга келип, коомчулукту дүрбөтпөөнү» өтүндү.

«Адамдар ал жакта эмне болуп жатканын так билбей туруп эле абалды курчутуп, дүрбөлөң чыгарып жатышат, анан силер да келип атасыңар. Алар кабарчылар келишти, демек анда баары жайында эмес деп айтышат. Анан айылда дүрбөлөң чыгат, а ал инвесторго керек эмес, аны дайыма эле коркута берүүнүн кереги жок», — деди ал.

Документтердин жоктугу үчүн айып пул салынат

Цехтин жанындагы бала бакча.
Цехтин жанындагы бала бакча.

Ысык-Ата районунун Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башкы инспектору Алмаз Асаналиев Kloop.kgге курган маегинде цехтин ээлери курулуш иштери үчүн эч кандай документтерди көрсөтпөгөндүктөрүн ырастады.

«Экологиялык коопсуздук документтерине чейин архитектуралык-пландоо шарттары боюнча документтердин болушу шарт. Аны кызматтар макулдашуусу керек болчу. Бирок эч кандай документтерди көрсөтүшөн жок», — деди ал.

Асаналиевдин айтымында, мыйзамсыз курулуш Административдик жоопкерчилик кодексинин 454-беренесине туура келет — анда мыйзамсыз курулуш үчүн 20 000 сомго чейинки айып пул төлөтүү жана мыйзамсыз тургузулган курулуш түрттүрүү жазасы каралган.

Ал инспекция мыйзам бузуу тууралуу документтерди даярдап, аларды сотко өткөрүп бергенин кошумчалады.

Бирок 24-мартта Ысык-Ата райондук соту процессуалдык мыйзам бузуулардан улам ишти токтотуу чечимин чыгарган — доо арыз анын ээлерине эмес, а компанияга каршы берилиши керек болгон.

«Азыр сот ал ишти токтотту, биз аларга жазма буйрукту аткарбагандыгы үчүн деп айып пул сала алабыз, административдик чараларды көрөбүз. Баары убактылуу токтотулду, азыр алар иштебей эле, эгер иштеп жаткан болушса биз ал тууралуу билет болчубуз», — деди Асаналиев.

Анын айтымында, компания айып пул төлөшү керек, азырынча заводду түрттүрүү тууралуу кеп козголбой эле.

Ден соолукпу же акчабы?

Милянфандагы жалгыз мектеп.
Милянфандагы жалгыз мектеп.

Айылдыктар экологияга зыянын тийгизет деп кооптонуп жатышат — анын өндүрүшүндө поливинилхлорид пайдаланылат. Ал ысытуу процессинде канцерген заттарын жана ачуу жыт бөлүп чыгарат.

Жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты Рустам Бегалиев жергиликтүү тургундар кооптонбошу үчүн завод айылдын четине курулушу керек деп эсептейт.

«Биздин айылдын четинде куючу цех менен кыш заводу бар. Алар эч кимге тоскоолдук кылбай эле, биз аларга каршы эмеспиз. Завод айылдын четине курула турган болсо биз аны тескерисинче колдомокпуз», — деди ал.

Айылда заводдун азыркы ордуна курулушун колдогондор да бар — айылдын жашоочусу Айгүл Исакова ал жакка жумушка орношууну каалайт жана андан эч кандай зыян болбойт деп эсептейт. Ал цех жумушчу орундарды түзүп, айылга инвестиция алып келет деген пикирди колдойт.

«Эч кандай зыяны жок. Заводдун мору жок, түтүн чыкпайт. Ал булганыч калкка таасир этпейт. Аба тазаланып, фильтрленет. Мен жумушка орношкум келет, зындуулугу тууралу баарын окуп, көрүп чыктым. Ал мен үчүн да абдан маанилүү, анткени менин да балдарым чоңоюп келе жатат. Менин балдарым да анын жанындагы бала бакчасына барышат», — дейт ал.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Сулейман Болода бардык текшерүүчү кызматтар өз милдеттерине жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек деп эсептейт — депутаттын пикиринде, өндүрүштү анын чын эле зыянсыз экендиги так белгилүү болгондон кийин гана баштоо керек.

«Жергиликтүү жашоочулардын кооптонуулары – бул жалпысынан анын зыянсыздыгы жана ден соолук. Эгер биз заводдун зыяндуулугу тууралуу айтсак, анда мен албетте ага каршы болом. Эң башкысы – бул балдардын ден соолугу. Медалдын экинчи тарабы – бул инвестициялар. Инвесторлор жумушчу орундарды түзүшөт», — деди ал.

Текшерүүлөр жана заводду көчүрүү убадасы

Бизнес ээлери өндүрүштү айыл четине көчүрүүнү убадалашты.
Бизнес ээлери өндүрүштү айыл четине көчүрүүнү убадалашты.

Милянфандын жергиликтүү бийлигинен Kloop.kgге айылдык администрациянын имаратынын маңдайында жайгашкан заводду курууда нормаларды сакталган-сакталбагандыгы текшерилгенин билдиришти.

Айыл башчысы Зульфия Мусарова завод курулушу бүткөнгө чейин тиешелүү чараларды көрсүн деп Ысык-Ата райондук администрациясына кабарлаганын айтты.

«Завод курулуп баштаганда анын ээси [Маванкуй] операцияга кетип калды, келгенде документтерин сурасам ал мага бизнес-планын көрсөттү. Мен анын документ эмес экенин айттым. Андан соң биз райондук администрацияга кат жаздык», — деди ал.

Бирок активисттердин айтымдарында, анда эч кандай текшерүүлөр болгон эмес — текшерүү иштери айылдыктар даттанып чыккандан кийин гана башталган.

Аны заводду текшерип, анын материалдарын сотко өткөрүп бергендиктерин билдиришкен Экологиялык жана техникалык коопуздук боюнча башкармалыктын активисттерге жолдогон расмий жообу да ырастайт.

Азыр заводго өндүрүш үчүн керек болгон бардык жабдууларды алып келишти — алты станок жана сырье. 3-апрелде орнотулган станоктордун бири сыноодон өткөрүлдү — Мусарованын айтымында, андан кийин айылдыктар жагымсыз жытка даттанып башташкан.

Заводдун кызыкчылыгын коргогон Джумар Маванкуй жергиликтүү жашоочуларды цехке чакырып, андагы өндүрүштү айылдын четине көчүрүүнү убадалады.

«Имарат цех эмес, а кампа катары калат, анда сырье жана даяр продукция сакталат, жабдууларды көчүрүшөт», — деди Мусарова.

Бул материал жарыялангандан бир күн мурда жергиликтүү тургундар менен заводдун өкүлдөрү бир пикирге келе алышкан — 5-апрелде ишкерлер жабдууларды орнотууну токтотуп, өндүрүштү айылдын четине көчүрүүнү убадалашкан.

Автор: Анна Капушенко
Операторлор: Тилек Бейшеналиев жана Азамат Каработоев