Реалити-шоунун төртүнчү сериясында Ринат менен Тилектин Бишкектен Сан-Франциского чейинки татаал жолу жана алардын анда ачка болуусу тууралуу айтылат.

Мурдагы эпизоддору:

1-эпизод — Акча жок

2-эпизод — Кыргызстандык Чубакка

3-эпизод —Алгачкы жүз доллар

Сан-Францискодо шоунун каармандары Viximity стартабын ийгиликке жеткирүүгө үмүттөнүп жатышат. Ал сервис ЖМКларга дүйнөнүн бардык жеринен журналисттер менен операторлорду таап, алардын жардамы менен ар түрдүү өлкөлөрдөн түз видеотрансляцияларды уюштурууга мүмкүндүк берет.

Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, Кремний өрөөнүндө жашоосу үчүн стартапчыларга 3682 доллардан кем эмес каражат табуу керек, учурда команданын карамагында ал сумманын үчтөн биринен азыраагы — 1100 АКШ доллары бар. Команданын Кремний өрөөнүндө комфорттуураак шарттарда жашап, эркин жылып жүрүүлөрү үчүн идеалдуу бюджет айына 9533 долларды түзөт.

Стартапчылар долбоор батыш инвесторлорун кызыктырып, алардан 600 миң долларлык инвестиция тартууга мүмкүн болот деп үмүттөнүп жатышат.

Ток-шоунун нөлүнчү жана биринчи эпизоддору февралда, экинчиси — 1-мартта жарыяланган. Алардан Viximity стартыбы жөнүндө кеңири маалымат берилип, Тухватшин өнөктөшү Бектур Искендер менен Калифорнияда жашоого канча акча талап кылына тургандыгын эсеептегендиктери жана Искендердин эл аралык TED конференциясына катышып, анда сөз сүйлөгөндүгү тууралуу айтылат.

Ал эпизоддорду «Фейсбукта» 12 миңден 23 миңге чейинки колдонуучулар көргөн.