WhatsApp тиркемесинин өкүлү бардык билдирүү түрлөрү үчүн шифрлөө системасы киргизилгендиги тууралуу билдирди. Тиркеменин жаратуучулары үчүнчү жактарда маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү жок болоруна ишендирип жатышат.

Өз ара билдирүүлөр менен алмашууга арналган популярдуу Whatsapp тиркемесинин өкүлдөрү расмий блогу аркылуу билдирүүлөрдү шифрлөө системасын жаңылап, аны болушунча коопсуз кылгандыктарын билдиришти.

Эми билдирүүлөр менен алмашуу эки маектештин же адамдар тобунун сүйлөшүүлөрүн эч ким укпаган тет-а-тет (көзмө-көз сүйлөшүү) сүйлөшүүсүн элестетет.

«Силер билдирүү жөнөткөндө аны жалгыз гана алуучу же топтук чаттагылар көрө алышат. Билдирүүнүн мазмунун эч ким көрө албайт. Киберкылмышкерлер дагы, хакерлер дагы, репрессивдүү режим дагы. Ал эмес биз дагы көрө албайбыз», — деп жазышкан Whatsappтын өкүлдөрү.

Маалыматтарды коргоо үчүн иштеп чыгуучулар өтмө шифрлөөнү пайдаланышкан. Анда маалыматтар алуучуга жеткенге чейин шифрленген бойдон калат.

Whatsappтын өкүлдөрүнүн пикирлеринде, бул күн сайын коркунучтарга кабылып жаткан санариптик байланышты коргоого мүмкүндүк берет.

Азыр өтмө шифрлөө системасын Telegram тиркемеси менен Apple компаниясынын iMessage тиркемеси пайдаланат. Microsoft корпорациясы бийлик талап кылган учурда аларга колдонуучуларынын маалыматтарына жетүү мүмкүндүгүн бере тургандыгын ачык билдирип келет.

ФБР маалыматтардын шифрленишине каршы

АКШнын атайын кызматтары маалыматтарды шифрлөөгө каршы болуп жатышат. 2015-жылы Федералдык изилдөөлөр бюросунун (ФБР) башчысы Жеймс Коми мессенджерлер аркылуу катарына жаңы тарапташтарды тартып жаткан «Ислам мамлекетин» экстремисттик тобун мисал келтирип, шифрлөө коомдук коопсуздукка коркунуч жарата тургандыгын билдирген.

2015-жылдын декабрында ФБР Apple компаниясына кайрылып, маалыматтарды шифрлөө системасын айланып өтө турган операциялык система иштеп чыгууну өтүнгөн.

Ал Американын Сан-Бернардино шаарындагы 14 кишинин өмүрүн алган теракттан кийин болгон. Анда атайын кызматтагылардын колуна террорчунун тосмолонгон телефону тийген. Компания ФБРдин ал өтүнүчүн аткаруудан баш тарткан, бирок атайын кызматтагылар смартфонду «үчүнчү жактардын» жардамы менен бузуп ача алышкан.

WhatsApp

WhatsApp мессенджери — интернет бар шартта билдирүүлөр менен өз ара алмашууга мүмкүндүк берген смартфондор үчүн тиркеме. Тиркеменин колдонуучулары билдирүүлөр үчүн акча төлөшпөйт жана бири-бирине файлдарды жөнөтүп, топтук чаттарды ачуу мүмкүндүктөрүнө ээ.

Программист жана ишкерлер Ян Кум менен Брайан Эктон тиркемени 2009-жылы иштеп чыгышкан. 2014-жылдын октябрынан бери WhatsApp Facebookтун туундуу компаниясы болуп эсептелет. Түзүүчүлөрдүн маалыматтары боюнча, учурда дүйнө жүзү боюнча тиркеме менен бир миллиарддан ашык киши колдонот.