Шектүү автоунааларды текшерүү маалында алардын биринин ичиндеги адамдар милиция кызматкерине бычак менен кол салышты. Жооп кылып милиционер курал колдонгон. Жарадар болгондор ооруканага жеткирилишти.
Окуя 6-апрель күнү Юнусалиев жана Койбагаров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Бишкек ШИИБсинин басма сөз кызматы билдиргендей, жол кайгуул милиционерлери ыкчам кызматкерлер менен биргеликте 5-апрелдеги ок атуудан кийин «шектүү» автоунааларды текшерип жатышкан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө милиционерлер эки унааны токтотушкан, алардын бири белгисиз тарапты көздөй качып кеткен, а экинчиси милиция кызматкерин сүзүп, аны «бир канча метр сүйрөп барган».
Милиция кызматкерлери менен белгисиз адамдардын ортосунда чыр чыгып, анын жыйынтыгында эки тарап тең жабыркаган — милиционер бычак жеп, каршылык көрсөткөн адамга ок тийген.
«Автоунаа токтогондо андан бирөө чыгып, физикалык каршылык көрсөтүп, бычак шилтеген. Алар кармаша кетишип, ал милиционерге бычак сайган, андан сон укук коргоо органынын кызматкери тапанчасын колдонуп, аны ийинине аткан. Андан кийин кылмышкер кармалган», — деп билдирди ШИИБинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, кармалган адам — уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү. Анын 5-апрелде жөө адамдарга ок атууга тиешеси бар-жоктугу тууралуу басма сөз кызматы түшүндүрмө бербей эле.
ШИИБден милиция тергөө иштерин улантып, кылмышкердин тек-жайын аныктап жатканын билдиришти.
Бир күн мурда Чүй проспектиси менен Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде унаачан белгисиз кишилер жөө адамдарга карата ок чыгарышкан. Алар Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен көчөдө бара жаткан эки кишини көздөй төрт жолу атып, андан соң качып кетишкен.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери аймакты курчоого алып, андан соң кылмышкерлерди колго түшүрүү операциясы жарыяланган.