Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы ФИФАнын рейтинги боюнча дүйнөнүн мыкты жүз командасынын катарына кирди. Аны менен биздин футболчулар рейтингдеги мурдагы рекордун жаңыртышты.

ФИФАнын рейтинги боюнча дүйнөнүн күчтүү командаларынын жаңыланган тизмесинде Кыргызстан курамасы 5 баскычка жогорулап, 100-орунга жазылган. Жалпысынан тизмеде 204 курама бар.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын билдирүүсүндө жазылгандай, команданын 5 баскычка көтөрүлүүсүнө анын Тажикстан курамасынын үстүнөн жеңишке жетиши себеп болгон. 29-мартта Дүйшөмбү шаарында кыргыз футболчулары талаа ээлерин 0:1 эсебинде утуп алышкан. Анда жалгыз голду Виталий Люкс киргизген.

Ошентип улуттук курама бир жыл ичинде кезектеги үчүнчү рекордун жаңыртып отурат. Ушул жылдын январында команда 107-орунга жазылган: ага чейин кыргыз курамасы рейтингде анчалык жогорку баскычка көтөрүлө элек болчу. Февралда Кыргызстан дагы эки баскычка көтөрүлсө, эми тарыхта биринчи жолу дүйнөнүн мыкты 100 командасынын катарына кирүүдө.

Учурда Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан (116-орун), Түркмөнстан (128-орун) жана Тажикстан (164-орун) курамаларынан алдыда. Рейтинг боюнча аймактагы лидер Өзбекстан, ал тизменин 66-орунуна жазылган.

Кыргыз курамасынын футболчулары өлкө менен күйөрмандарын YouTubeдагы кыска тасма аркылуу куттукташты.

Ошондой эле бул айда ФИФАнын рейтингиндеги лидер да алмашты. Бельгия курамасы экинчи орунга түшүп, биринчи орунду Аргентина курамасына бошотуп берген. Алардан кийин биринчи ондукта Чили, Колумбия, Германия, Испания, Бразилия, Португалия, Уругвай жана Англия курамалары бар. Эки айдан кийин Европа биричилигин кабыл ала турган Франциянын улуттук командасы рейтингдин 21-сабында. Эки жылдан кийин Дүйнө чемпионатын өткөрө турган Орусиянын командасы 27-орунга түшкөн.

Тема боюнча: Студент футбол боюнча Кыргызстан курамасынын формасынын концептин иштеп чыкты