1-апрелден 2-апрелге караган түнү башталган Тоолуу Карабахтын аймагындагы жаңжал төрт күндөн кийин убактылуу токтоду. Тараптар жарашкандыктары тууралуу билдиришти, а кечээ Азербайжан менен Армениянын башкы штабдарынын жетекчилери ок атууну токтотуу тууралуу макулдашууга келишти.

Эл аралык маалымат каражаттарынын билдирүүлөрү боюнча, 7-апрелге карата Тоолуу Карабах республикасынын аймагындагы абал тынч. Кечээ Москвада Армения менен Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабдарынын жетекчилери жолугушуп, согуштук аракеттерди токтотуу тууралуу макулдашышты.

1-апрелден 5-апрелге чейин куралдуу кагылышуулар болгон Тоолуу Карабахтагы жарашуу тууралуу алгач таанылбаган Тоолуу Карабах республикасынын бийлиги, андан соң 5-апрелде Азербайжандын бийлиги да билдирди.

Бирок элдешүү тууралуу жарыяланган күндүн эртеси Азербайжандын Коргоо министринин басма сөз кызматынын өкүлү РИА Новостиге курган маегинде Армения ок чыгарганын айткан.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Вагиф Дяргахлынын айтымында, армян тарап ок чыгарбоо режимин 115 жолу бузган.

Армения дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, ок чыгарбоо режимин бузбаганын билдирди.

Тоолуу Карабахтын өкүлү Сенор Асратян Азербайжан тараптын ал билдирүүсүн «жалган маалымат» деп атады.

«Армян тараптан режим бузуу болгондугу тууралу азербайжан тараптын билдирүүсү — жалган маалымат. Жалпысынан жаңжалдашып жаткан тараптардын чектешкен жеринде 5-апрелдеги ок атууну токтотуу макулдашуусу сакталууда», — деп билдирди Асратян.

АКШнын мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Марк Тонер жаңжал аймагындагы жарашуу «орноо баскычында» деп эсептейт.

«Бул жарашуу азыр орноо баскычында. Бирок биз анын бекемделип баратканына кубанып жатабыз», — деп билдирди Тонер АКШ ишке активдүү тартылып жатканын кошумчалап.

Орусия ТИМи жаңжалды жөнгө салууга көмөктөшө турганын билдирди — бүгүн орусиялык дипломаттар менен Азербайжандын өкүлдөрү жолугушушат.

5-апрелде Кыргызстан дагы мурдагы тажрыйбасына таянуу менен жардам берүүгө даяр экенин билдирген. 1994-жылы Бишкекте Карабах жаңжалынын айланасында ок атууну токтотуу макулдашуусуна кол коюлган болчу.

Таанылбаган Тоолуу Карабах республикасынын аймагындагы абал 1-апрелден 2-апрелге караган түнү курчуган. Азербайжан бийлиги Армениянын куралдуу күчтөрү тарабынан жасалган ок атуулар тууралуу билдирди. Өз кезегинде Армения азербайжандыктардын «чабуул жасоо аракеттери» тууралуу билдирген.

Орусия ЖМКларынын маалыматтары боюнча, куралдуу кагылышуулар 30дан ашык кишинин өмүрүн алып кетти. Жабыркагандардын арасында жайкын адамдар да бар.

Сүрөт: PAN