КТРК «Нур Күч» фондунун мүчөлөрүнүн акчасы жоголгондугу тууралуу сюжетинде ал боюнча Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Нурсухаммат Баяхуновго каршы кылмыш ишинин козголгондугу фактысын айткан эмес.

Жер тилкелерине байланышкан «алдамчылыктар» тууралуу КТРКнын сюжети «Ала-Тоо» маалымат программасынын 31-марттагы кечки чыгарылышында көрсөтүлгөн. Анда КТРКга Ново-Покровка айылындагы жер тилкелеринин бөлүштүрүлүшү тууралуу ишти териштирип берүү өтүнүчү менен адамдардын тобу кайрылганы айтылган.

Сюжетке ылайык, жабырлануучулар жер тилкелерин алуу үчүн «Нур Күч» биримдигинин мүчөлөрүнө акча беришкен, бирок жыйынтыгында эч нерсе алышкан эмес.

Сюжеттин автору Үсөн Көлбаев Ново-Покровка айыл башчысы Нурмухаммат Баяхуновдон айылда чынында эле жер берүү убадаланган-убадаланбагандыгы, акчаны ким чогултканы жана алар кимге берилиши керек болгондугу тууралуу суроо узаткан.

«Биз аларды билбейбиз. Биринчиден, алар биздин айылдын жашоочулары эмес, алар ар кайсыл шаарлардан келишкен. Акчаны кимге жана эмненин негизинде бергендиктери жана алардын ортосунда кандай келишимдик милдеттенмелердин болгондугу — алардын өзүлөрүнө гана белгилүү», — деген Баяхунов сюжетте.

Бирок КТРК сюжетинде ал чогулган акчанын жоголуп кетиши боюнча кылмыш иши козголгондугу фактысы тууралуу эч нерсе айткан эмес. Ал кылмыш ишинин башкы фигуранты болуп Ново-Покровка айылынын башчысы Нурмухаммат Баяхунов эсептелет.

Кылмыш иши Kloop.kgнин 2015-жылдын ноябрындагы иликтөөсүнүн жыйынтыгында козголгон — ал иликтөөдөгү документтерге жана күбөлөрдүн айткандарына ылайык, Баяхунов «Нур Күчтүн» мүчөлөрүнө турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнү убадалап, алардан 16 млн. сом алган.

«Баяхунов айыл чарба жоготууларынын ордун толтуруу үчүн айтылган сумманы алып келдиңерби деп сурады. Үсөнов баштыктан акча каражатын алып чыкты. Алар доллар менен болчу. […] Биз ал акчаны санап бүткөнгө чейин күтүп турдук. Менимче анда эки миң доллардай болсо керек эле. Мен анын доллар менен берип жатканын көргөм», – деген өзүн түзүлгөн келишимдин күбөсү деп тааныштырган Намыс Турсунбаев.

«Нур Күчтүн» мүчөсү Наиль Суляковдун Kloop.kgге билдиришинче, алгач Баяхунов Ново-Покровкадагы жер тилкелерин трансформация кылууга болбой турганын айтып, бирок кийин анын жарымын — 80 гектарга жакынын — биримдикке бөлүп берүүнү убадалаган.

«Ал [Баяхунов] жерге байланышкан бардык маселелерди чечкенин жана жердин бир бөлүгүн бизге, а калганын башка муктаж адамдарга бере турганын айткан. Ал акчаны алгандан кийин бизге 16 млн. сомго дүмүрчөк жазып берген» — деп билдирди жабырлануучу.

Баяхуновдун өзү «Нур Күчтөн» акча алганын жана документтерге кол койгонун четке кагууда.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүсү Бакыт Сатканкулов Kloop.kgге курган маегинде документтер боюнча жүргүзүлгөн мамлекеттик экспертизанын жыйынтыктары Ново-Покровка айылынын башчысынын күнөөсүн көрсөтүп жатканын айтты.

«Азыр тергөө жүрүп жатат. Биз келтирилген зыянды аныктап жатабыз. Экспертиза анын күнөөсүн далилдөөдө — кол тамгасы менен мөөр Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысынын күнөөсүн көрсөтүп жатат», — деди тергөөчү.

КТРКнын журналисти жана жаңылыктар сюжетинин автору Үсөн Көлбаев Kloop.kgге материал боюнча эч кандай түшүндүрмө бере албай тургандыгын айтты. «Суроонун баарын жетекчиликке бергиле. Анткени мага эч кандай түшүндүрмө бербөө тууралуу эскертишкен», — деди ал.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков жаңылыктар сюжетин атайын комиссия баалай турганын жана эгер айрым фактылар көңүл сыртында калтырылган болсо, анда сөзсүз түрдө сюжет толукталып, кайра көрсөтүлө тургандыгын билдирди.

«Ал [комиссия] түшүндүрмө каттарын алып, мыйзам тарабынан бекитилген тартип менен иштеп жатат. […] Алардын жообу белгилүү болгондо ал маалыматтарды аласыңар», — деди Карыпбеков.

Монтаж: Азат Рузиев