Президент УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына премьер-министр Темир Сариев менен транспорт министри бирин-бири айыптап жатышкан Балыкчы — Корумду унаа жолун оңдоо тендериндеги мыйзам бузууларды текшерүүнү тапшырды.

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына Балыкчы — Корумду унаа жолун оңдоо боюнча өткөрүлгөн тендериндеги мыйзам бузууларды текшерүүнү тапшырды.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов «Азаттык» радиосуна Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жолду оңдоо боюнча тендерди өткөрүүдөгү мөөнөттөрдү үзгүлтүккө учуратуу, мамлекеттик сатып алуулар порталындагы каталар жана жетишсиз каржылоого байланышкан мыйзам бузууларды аныктап чыккан мекемелер аралык комиссиянын корутундусун текшере турганын билдирген.

Ошондой эле кызмат транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев билдирген мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүгө «үчүнчү жактардын» тиешеси болгон-болбогондугун да текшерет. Министрдин айтымында, өкмөт башчы Темир Сариев лицензияга ээ эмес болуп туруп тендерде жеңип чыккан кытай компаниясынын кызыкчылыктарын коргогон.

Балыкчы-Корумду жолун оңдоо боюнча тендер 2015-жылдын 22-октябрында өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында «Лонг Хай» кытай компаниясы жеңүүчү болуп чыккан. Узундугу 104 чакырымды түзгөн жолду оңдоо үчүн 6 млрд. сомдон бир аз ашык суммага келишим түзүлгөн.

Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаев 2016-жылдын мартында тендерди өткөрүүдө мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилгенин билдирген.

Ошол эле жылы түзүлгөн комиссия иликтөө иштерин жүргүзүп, аныкталган мыйзам бузуулар туристтик сезонго жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярданууну үзгүлтүккө учуратууга түрткү болорун билдирген.

Комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгында өкмөт транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаевди өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарбай, андан улам мамлекетке зыян келтирген деп айыптаган.

Премьер-министр Темир Сариев Малабаевди кызматтан алууну сунуштаган. Бирок президенттин аппараты анын өтүнүчүн канааттандырган эмес.