Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата борбордун жашоочулары Бишкектин соода борборлорунун биринде бий флешмобун уюштурушту. Ага 50 жаштан 86 жашка чейинки бишкектиктер катышышты.

Ондон ашык улгайган адам бий флешмобуна катышуу менен кант диабети көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылышты.

Флешмобдун уюштуруучусу Нурдин Сатаров мындай иш-чаралар жыл сайын өткөрүлөрүн айтты. Бул жылы тема катары кант диабети тандалып алынган.

2016-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда кант диабети менен ооруган дээрлик 51 миң киши катталган, алардын 300дөн ашыгы жаш балдар.

«2025-жылга карата кант диабети менен 600 миллионго жакын кишинин ооруп калышы мүмкүндүгүн күтүлүүдө. Ошондуктан ал оору менен азыр күрөшпөсөк, келечекте аны дарылоо кымбатка туруп калат», — деди Сатаров.

Кайрыса Нурдинова бул сыяктуу иш-чараларга төрт жылдан бери катышып келет. Ал флешмобдун жардамы менен үйдө отурган улгайган адамдар шаарга чыгып, пайдалуу маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондуктарын айтты.

«Мен мында эс алып, көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алдым, эми аны башкаларга айтып берем», — деди Нурдинова.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 6-апрелдеги баяндамасында 1980-жылдан бери кант диабети менен ооругандардын саны төрт эсеге өскөнүн билдирди — азыр аны менен Жердин ар бир 11чи жашоочусу ооруйт. Жыл сайын канындагы канттын жогорку деңгээлинен улам 3,7 миллионго жакын киши каза болот.

Авторлор: Адилия Мундукова, Айчолпон Касымалиева, Азат Рузиев