Швециянын бийлиги өлкөнүн жеке телефон номуру пайда болгонун билдирди — ал номурга каалаган киши чалып, кокустан туш келген швед менен сүйлөшө алат. Бир сутканын ичинде дүйнөнүн ар кайсыл өлкөсүнөн ал номурга 11 миңден ашык киши чалган. Өлкө мындай жол менен өзүнүн туристтик жагымдуулугун жогорулатууну көздөөдө.

Швециянын жеке номуру пайда болгондугу тууралуу өлкөнүн туристтик ассоциациясы 6-апрелде билдирген. Мекеме The Swedish Number сайтына Швеция жеке номуруна ээ алгачкы өлкө болуп калганын жазган.

«Швеция 250 жыл мурда электөөнү (цензураны) жоюу тууралуу конституциялык мыйзам киргизген дүйнөдөгү алгачкы өлкө болуп калган. Ал окуянын жылдыгына карата Швеция жеке номуру бар дүйнөдөгү биринчи өлкө болууну чечти. Ал номурларды терип, кокустан туш келген швед менен каалаган темада сүйлөшкүлө», — деп жазылган The Swedish Number сайтында.

Кокустан туш келген швед менен сүйлөшүүнү 11 миңден ашык киши каалаган. Өлкөнүн туристтик ассоциациясынын маалыматы боюнча, бир сутканын ичинде +46-771-793-336 номуруна 11 232 чалуу келип түшкөн. Баарынан да шведдер менен АКШнын, Түркиянын жана Орусиянын жашоочулары көбүрөөк сүйлөшүүнү каалашкан. Көп чалган өлкөлөрдүн алдыңкы бештигине ошондой эле Улуу Британия менен Австралия да кирген.

Швециянын жеке номуруна келген чалууларга акцияга катышууну каалаган ыктыярчылар жооп беришет. Ага өлкөнүн каалаган жашоочусу катыша алат. Ал үчүн The Swedish Number тиркемесин жүктөп алып, чет өлкөлүктүн телефон чалуусун күтүү керек болот.

Kloop.kgнин журналисти Швециянын ал номуруна телефон чалып, өлкөнүн Анна аттуу жашоочусу менен сүйлөшүп көрдү. Ал жергиликтүү тургундан өлкөнү сүрөттөп берүүсүн жана шаарлардан сырткары кайсыл жактарга барууга болору тууралуу кеңеш берүүсүн өтүндү.

Анна Швециянын 9 млн. калкы бар демократиялык өлкө экенинен баштады. Ал өз өлкөсүнүн жаратылышын «тоолуу, жапайы жана кооз» деп сүрөттөп, кабарчыны келип кетүүгө чакырды. Журналист анын сүрөттөп берүүсү боюнча Швеция Кыргызстанга окшош экенин айтты — ал дагы «тоолуу жана абдан кооз жапайы жаратылыштуу» экенин билдирди.

Өлкөнүн жеке телефон номурун түзүү идеясын Швеция дүйнөдө алгачкы болуп ишке ашырды. Бирок бул жаңылыктарды жазууга себеп болгон шведдердин алгачкы оригиналдуу идеясы эмес.

Анын 2011-жылдан бери өлкөнүн расмий адамдары эмес, а кокустан туш келген жашоочулары иштетип келген @sweden деген твиттер-аккаунту бар. Алар ар апта сайын алмашышып, өзүлөрү керектүү деп эсептеген нерселерди чыгарып турушат.

Швед таксилеринин бири 2014-жылдын октябрында жүргүнчүлөрүнө психологиялык кызмат көрсөтүүнү ишке ашырган. Ал жүргүнчүлөргө бир жерден экинчи жерге чейин алардын көйгөйлөрүн уга турган психотерапевт менен барууну сунуштайт.

2015-жылдын октябрында бир канча швед компаниялары кызматкерлердин эмгекке умтулуусун жана аткарган ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында алты сааттык жумушчу күнүн сунушташкан.

Ал боюнча эксперименттер Швециянын түрдүү шаарларындагы коммерциялык компаниялар менен медициналык мекемелерде өткөрүлгөн. Демилге менен баары эле макул боло берген эмес, бирок карылар үйү жана Toyotaнын тейлөө борбору сыяктуу айрым мекемелер дагы деле алты сааттык жумушчу күнүн колдонуп келишет.