Гитарчылар, скрипкачылар жана комузчулардан турган жыйырмага жакын музыкант Эркиндик гүлбагында ачык асман алдында чыгармаларды аткарышты.

9-апрелде «Музыкалык Эркиндик» деген аталыштагы көчө музыканттарынын фестивалы борбордун Эркиндик гүлбагында болду. Гүлбактын он үч чекитинде жыйырмага жакын музыкант — гитарчы, комузчу, барабанчы, скрипкачы жана вокалчылар — өз чыгармаларын аткарышты.

IMG_5143

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Айжан Жунуеванын айтымында, фестивалдын максаты – борбордун жашоочуларына жандуу аткаруудагы музыкадан ыракат алуу мүмкүндүгүн түзүү, ал эми чыгармачылыкка жаңы кадам таштаган музыканттарга өз таланттарын өркүндөтүүгө шарт түзүп берүү.

«Эч кандай тандоо болгон эмес, музыканттар өз каалоолору менен келишти. Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн көбү үчүн жекшемби сайын кечинде гүлбакта сейилдеп, мыкты музыканттардын аткаруусундагы көп түрдүү музыкадан ыракат алуу көндүм нерсеге айланса жакшы болмок», — деди ал.

IMG_5158

Фестивалдын уюштуруучусу Данияр Аманалиевдин айтымында, бул иш-чаранын жардамы менен ал Бишкектеги «атмосфераны өзгөртүүнү» каалаган.

«Биз кайсыл гана ажайып жайда болбосун скрипкачы де гитарчы музыка ойноп отурган өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй Бишкекте да ар бир кадам сайын музыка ойноп турса дейбиз», — деди ал.

IMG_5180

IMG_5191

Музыкант Адилет Иманкариевдин пикиринде, музыканттардын дал ушундай жол менен угармандарына өнөрлөрүн көрсөтүүсүндө «чыныгы» музыка бар.

«Мында акча, саясат, экономика деген нерселер жок — адам жөн гана өтүп бара жатып музыка угуп, ал музыкалык абал менен кубаттанып, андан ыракат алат. […] Мында угарман менен музыканттын ортосунда толук резонанс болот, анткени эстрада, пафос, адепсиздиктин баары экинчи планда калат», — деди ал.

IMG_5210

IMG_5234

Бишкектин жашоочусу Алишер Кудайбердиев Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде ага элдин «бүйүрүн кызыткан» жапон барабанчыларынын аткаруусу өзгөчө жакканын айтты.

«Иш-чара тууралуу Фейсбуктан угуп, көчө музыкасын угуп келели деп досторумду чакырдым, анткени Кыргызстанда бул сыяктуу нерселерди көп эле кездештире бербейт эмеспизби», — деди ал.

IMG_5247

IMG_5260

IMG_5291

Комузчу Айдин Карагулов аспабында жабык имарат ичинде гана ойноп көнүп калганын, ошондуктан ачык асман алдында ойноо анда башкача сезимдерди жаратканын айтты.

«Биз имараттардын ичинде ойноп көнүп калганбыз, а азыр көчөдө, ары бери өткөндөрдүн алдында ойноп жатабыз – бул таптакыр башкача чөйрө. Менде мында ойногондо айтып түшүндүргүс сезимдер болууда», — деди ал.

IMG_5312

IMG_5346

Сүрөт: Уулжан Саякбаева