Транспорт жана коммуникациялар боюнча парламенттик комитеттин мүчөлөрү Бишкектин борборундагы унаа тыгынын өз алдынча жөнгө салган эки бишкектикти сыйлашты. Талант Турдубаев менен Эрлан Богачиев ыктыярдуу түрдө көчөлөрдү унаа тыгынынан арылтып, Жол кайгуул милициясынын милдеттерин аткарышкан болчу.

12-апрелде транспорт жана коммуникациялар боюнча парламенттик комитеттин мүчөлөрү Тынчтык проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишиндеги унаа тыгынын жөнгө салган ыктыярчыларды сыйлашты.

Депутаттар жарандык активдүүлүгү үчүн Бишкектин жашоочулары Талант Турдубаев менен Эрлан Богачиевге ыраазычылыктарын билдиришип, аларга калпак кийгизип, сүрөттөрдү ыйгарышты.

Активисттерди сыйлоо дамилгесин «Республика — Ата-Журт» фракциясынан депутат Махабат Мавлянова көтөрүп чыккан. Ага чейин Жол кайгуул милициясы өз алдынча жол кыймылын жөнгө салгандарды жазалоо керектигин билдирген болчу.

Анда Жол кайгуул милициясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальниги Нурдин Насыров унаа тыгынын өз алдынча жөнгө салууну «бейбаштык» деп атаган.

«Жарандар анын жол кыймылын жөнгө салуусуна жол бербеши керек болчу. А баланы кармап, кайсыл райондо жашаса ошол жакка алып баруу керек болчу», — деп билдирген ал Kloop.kgге курган маегинде.

Жол кайгуул милициясынын улук инспектору Тилек Оторов активисттердин ал аракети мыйзамсыз болгонун, бирок алар жарандык активдүүлүгүн көрсөткөндүктөн балдар жазаланбай тургандыктарын ырастады.

«Мыйзамга ылайык, алардын аракеттери мыйзамсыз болгон, бирок алар четте карап турбастан жол кыймылынын коопсуздугун сактоого көмөктөшкөндүктөн Жол кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын жетекчилиги балдар менен жолугушуп, аларга ыраазычылыгын билдирди», — деди Оторов Kloop.kgге курган маегинде.

Талант Турдубаев менен Эрлан Богачиевдин катышуусундагы видео социалдык түйүндөргө 1-апрелде жарыяланган. Анда алар жамгыр жаап жатканына карабастан Тынчтык проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишиндеги жол кыймылын жөнгө салып турушкан.

Алардын жанынан өткөн Жол кайгуул милициясынын унаалары андагы унаа тыгынына көңүл бурбастан кетип калышкан, андан соң алардын үчөөсү өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн жумуштан алынышкан.