Кыргызстандын өкмөтү Максим Бакиевге каршы Улуу Британиянын сотуна доо арыз берди. Буга чейин КСДП фракциясынан депутат Эльвира Сурабалдиева мурдагы президенттин уулуна каршы доо арыз жазуу мөөнөтү 6-апрелде аяктай тургандыгын билдирген.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева конституциялык мыйзамдар боюнча парламенттик комитеттин 12-апрелдеги жыйынында Кыргызстан Максим Бакиевге каршы жарандык доо арыз берүүгө жетишкенин билдирди.

Жолдубаева Улуу Британиянын сотуна доо арыз берүү мөөнөтү чынында эле 6-апрелде аяктагандыгын, бирок өкмөт аны берүүгө жетишкенин айтты.

«Биз жарандык доо арыз берүүгө жетиштик. Бул иште Башкы прокуратуранын ролу жардам берүүдө болду», — деди Жолдубаева.

Соттук өкүлчүлүк борборунун директору Тимур Шамбетов 24.kg маалымат агенттигине курган буга чейинки маегинде 6-апрель доо арыз берүүнүн акыркы күнү болуп эсептелбестигин айткан.

«Адис катары 6-апрель доо арыз берүүнүн акыркы күнү болуп эсептелбейт деп айта алам. Максим Бакиевге каршы тергөө иштери кийинчерээк башталган. Анын күнөөлөрүн далилдеген фактылар дагы 2010-жылдын 6-апрелинен кийин аныкталган», — деди ал.

Бийликти доо арыз берүүнү кечеңдетип жатат деп сындаган КСДП фракциясынан депутат Эльвира Сурабалдиева Kloop.kgге курган маегинде өкмөттүн доо арыз берүүгө жетишип калганына кубанычта экенин билдирди.

«Доо арыз берүү жол-жобосу абдан эле жөнөкөй экен, болгону арыз жазып коюу керек болгон, а калган бардык нерселер иштин жүрүшүндө чечилмек. Мен мамлекет буга көңүл буруп, өлкөнүн доо арыз берүүгө жетишип калганына кубанычтамын», — деди ал.

Бийликтен куулган мурдагы президенттин уулуна карата доо арыз берүү маселеси Сурабалдиева Максим Бакиевге каршы доо арыз берүү мөөнөтү 6-апрелде аяктай тургандыгын, бирок өкмөт ал боюнча эч кандай кадам жасай электигин билдиргенден кийин активдүү талкууланып баштаган.

«Мен [Кыргызстандын Улуу Британиядагы] элчиликке телефон чалып, доо арыз барбы деп сурадым, алар жок деп жооп беришти. Мен сураштырып көрсөм акыркы мөөнөт 2016-жылдын 6-апрели экенин айтышты. Революция 2010-жылдын 7-апрелинде болгон, а Улуу Британияда экономикалык кылмыштардын эскирүү мөөнөтү 6 жыл. Бүрсүгүнү ал мөөнөт аяктайт, а биздин өкмөт болсо аны жакшы билет», — деген ал Kloop.kgге курган маегинде.

Анда соттук өкүлчүлүк борборунан Kloop.kgге маселе «иштелип чыгып жатканын» айтышып, кошумча маалымат берүүдөн баш тартышкан. Алардын билдирүүлөрү боюнча, ал маалыматтар кызматтык пайдалануу үчүн жана коопсуздук маселелерине байланыштуу.

Максим Бакиевдин иши

Максим Бакиев — 2010-жылы бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин уулу — коррупцияга жана Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы келген мамлекеттик сатып алууларды жасоого айыпталууда.

2013-жылы Биринчи май райондук соту анын мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен 25 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Максим Бакиев Интерполдун линиясы боюнча 2010-жылдын майында эл аралык издөөгө жарыяланган. Ал Улуу Британиядан саясий башпаанек сураган жана ага өлкөнүн аймагында убактылуу жашап турууга уруксат берилген.

Эки жылдан кийин Лондон полициясы АКШнын өтүнүчү менен Максим Бакиевди кармаган. Лондондун Арбитраждык соту анын Кошмо штаттардагы каржы алдамчылыктары тууралуу ишин караган.

Учурда Бакиев сыртка чыкпоо кол катынын негизинде Улуу Британияда жүрөт.