УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ИИМдин штаттан сырткары кызматкерин пара алып жаткан жеринен колго түшүрдү. Кармалган адам баңгизатын салып коюу менен коркутуп, кыргыз жаранынан бир нече айдан бери акча талап кылып келген.

ИИМдин штаттан сырткаркы кызматкери пара алып жаткан жеринен 12-апрелде кармалды. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдиргендей, кармалган адам баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкери болуп чыккан.

Ал бир канча айдан бери 2016-жылдын январында атайын кызматтарга арыз менен кайрылган жарандан акча талап кылып келген. Жабырлануучу укук коргоо органынын кызматкери эгер каалаган суммасын албай кала турган болсо ага баңгизатын салып кое тургандыгын айтып опузалап келгенин айткан.

«2016-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына «Ф.Щ.» аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал баңгизатын салып коюп, аны кылмыш жоопкерчилигине тарта тургандыгын айтып, 2015-жылдын майынан бери ай сайын акча талап кылып келгенин билдирген», — деп жазылган УКМКнын пресс-релизинде.

Колго түшүрүү маалында атайын кызмат өкүлдөрү анын жанынан 15 миң сом табышкан. Бирок алардын айтымдарында, кармалган адам жабырлануучудан ай сайын 25 миң сомдон талап кылып келген. Жети айдын ичинде ИИМ кызматкери 125 миң сом алган.

Азырынча укук коргоо органынын кызматкеринин акчаны эмне себептен талап кылгандыгы белгисиз. Ички иштер министрлиги бул боюнча түшүндүрмө алууга жеткиликсиз болууда.

Учурда кармалган адам тергөө абагында жана ал жакта тергөө аяктаганга чейин камакта болот. Ал Кылмыш кодексинин 313чү (Пара талап кылуу) жана 304чү (Кызмат абалын кыянат пайдалануу) беренелери боюнча сегиз жылга чейин эркинен ажыратылып же өзгөчө ири өлчөмдө айып пул төлөө менен жазаланышы мүмкүн.