13-апрелден тарта бийлик электрондук реестрге балдар тууралуу маалыматтарды топтоп баштады. Мамкаттоо кызматынын өкүлүнүн айтымында, бул мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл. Бирок ал маалыматтар жетиштүү деңгээлде корголобу?

Кыргызстанда балдар тууралуу маалыматтарды топтоо 13-апрелден тарта башталды. Маалыматтарды эки мамлекеттик орган чогултуп жатат — Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) жана Билим берүү министрлиги.

МККнын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов маалыматтарды топтоо жана аларды санариптик түргө өткөрүү балдардын келечекте эч кыйынчылыксыз паспортторду, маалымкаттарды жана башка кызматтарды алуусуна мүмкүндүк бере тургандыгын айтты.

«Кийин балдар мектепти аяктагандан кийин аларда документтештирүү, идентификациялоо маселелеринде, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды же өзүнө керектүү болгон кандайдыр бир документтерди алууда эч кандай көйгөйлөр болбойт», — деди ал.

Эржигитов маалыматтардын корголушу боюнча «кам санабай эле койсо болорун» кошумчалады.

«Коопсуздук — бул эң башкысы. Ал (маалыматтар) эң ишенимдүү жолдор менен корголот», — деди МККнын басма сөз катчысы.

Анткен менен Кыргызстандын жарандарынын арасында МККдагы маалыматтардын сакталуусунун ишенимдүүлүгү 2015-жылы, Шопоковдун жашоочуларынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу маалында флешканын жоголуп кетишинен кийин талаш-тартыш жараткан.

Маалыматтык коопсуздук борборунун жетекчиси Влад Ткачев мамлекеттик мекемелердеги маалыматтардын корголушунун абалын «оор» деп баалады. Анын айтымында, Кыргызстанда атайын мыйзам нормалары жок, өз кезегинде ал маморгандардын жарандар алдындагы жоопкерчилик деңгээлин кыйла төмөндөтөт.

«Маалыматтарды сактоо жана коргоо боюнча практикалар бар, бирок мамлекеттик мекемелерден аны эч ким талап кылбагандыктан улам алар ал практикаларды колдонушпайт. Бул жагынан алганда коопсуздук боюнча мамлекеттик органдардагы абал абдан оор», — деди Ткачев Kloop.kgге курган маегинде.

Ал бузуп ачуулардан сырткары маалыматтардын ачыкка чыгып кетүүсүнө маалыматтар базасына чексиз кирүү мүмкүндүгүнө ээ болгон мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлеринин өзүлөрү да себеп болуулары ыктымалдыгын кошумчалады.

«Мамлекеттик органдардагы кызматкерлердин милдеттери коммерциялык уюмдардын кызматкерлериникиндей так жазылган эмес. Анда кызматкерлер флешкадагы маалыматтарды ала алат. Алсак, кайсыл гана байланыш оператору болбосун ар бир кызматкерине карата көзөмөл жүргүзүлүп турат: анын кызматтык милдеттенмелеринде жазылган нерселерди аткарып-аткарбай жаткандыгы боюнча», — деди Ткачев.

Буга чейин МККнын төрагасынын орун басары Дастан Догоев Kloop.kgге курган маегинде мекемеде сакталып турган маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууда көйгөлөр бар экенин билдирген. Айтымында, ал үчүн документтерди «тартипке келтириши керек болгон» маалыматтык коопсуздук боюнча атайын топ түзүлгөн.