Парламент депутаттары Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын премьер-министри кылып шайлашты. Анын талапкерлигин колдоп пленардык жыйынга катышкан 115 эл өкүлүнүн баары тең добуш беришти.

Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги үчүн добуш берүү парламентте 13-апрелде болду — анын премьер-министр болушун колдоп 115 депутат добуш берди.

Жээнбеков депутаттардын ишенимин актоого аракет кыларын билдирип, «ак ниеттик менен таза» иштөөнү убадалады. Эми анын премьер-министр кызматына киришиши үчүн президенттин кол коюусу керек.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов азырынча президент Жээнбековду өкмөт башчылыгына дайындоо тууралуу жарлыкка кол кое электигин айтты.

«Азырынча президент кол кое элек, качан коерун билбейм. Бир аз күтө туруу керек», — деди ал.

Сооронбай Жээнбеков — 13-апрелге чейин Жогорку Кеңештин төрагасы кызматында иштеген Асылбек Жээнбековдун бир тууганы агасы. Төрага агасынын премьер-министрликке дайындалышы ыктымалдыгынан улам өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын тапшырган.

Социал-демократтар (КСДП) премьер-министр кызматына Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин 12-апрелде көрсөткөн. КСДПнын ал чечимин парламенттеги «Ата Мекен», «Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары да колдошкон.

Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдын апрелинен 2015-жылдын декабрына чейин Ош облустук администрациясынын башчысы кызматын ээлеп турган.

Андан соң ал бир нече ай Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген. Анын акыркы кызматы — президенттин администрациясынын башчысынын орун басары, анын бул кызматта иштеп баштаганына бир айдан аша элек болчу.

Буга чейинки өкмөт башчысы Темир Сариев 11-апрелде өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Ал андай кадамга транспорт министри Аргынбек Малабаев менен болгон жаңжалдан кийин барган. Алар бири-бирин Балыкчы-Корумду унаа жолун куруу боюнча тендер өткөрүүдөгү корруциялык схемаларга айыптап жатышат.