Конституциялык мыйзамдар боюнча парламенттик комитеттин мүчөлөрү өкмөттүн жаңы курамынын долбоорун жактырышты. Жакынкы убактарда ал пленардык жыйында каралат.

Конституциялык мыйзамдар боюнча парламенттик комитет 13-апрелде премьер-министрликке көрсөтүлгөн жалгыз талапкер Сооронбай Жээнбеков тарабынан сунушталган өкмөттүн жаңы курамынын долбоорун жактырды.

Ага ылайык, министрлер кабинетинде анчалык деле чоң өзгөрүүлөр болбойт. Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин ордун Мухаммедкалый Абулгазиев ээлейт.

Акылбек Осмоналиев Нурханбек Момуналиевдин ордуна өкмөттүн аппарат башчысы болуп барат.

Темир Сариевди коррупцияга айыптаган Аргынбек Малабаев транспорт министри кызматынан кетет. Министрликтин жаңы башчысы болуп Жол чарбасы департаментинин башчысы Замирбек Айдаров дайындалат.

Жээнбеков сунуштаган өкмөттүн курамы:

— Сооронбай Жээнбеков — премьер-министр;
— Мухаммедкалый Абулгазиев — биринчи вице-премьер-министр;
— Олег Панкратов – вице-премьер-министр;
— Гүлмира Кудайбердиева — вице-премьер-министр;
— Акылбек Осмоналиев — өкмөт аппаратынын башчысы;
— Мелис Турганбаев – ички иштер министри;
— Жылдыз Мамбеталиева – юстиция министри;
— Адылбек Касымалиев – каржы министри;
— Арзыбек Кожошев – экономика жана өнөр жай министри;
— Кудайберген Базарбаев – эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
— Эльвира Сариева – билим берүү жана илим министри;
— Алтынбек Максутов – маданият, маалымат жана туризм министри;
— Талантбек Батыралиев – саламаттыкты сактоо министри;
— Замирбек Айдаров​ – транспорт жана байланыш министри;
— Эрлан Абдылдаев – тышкы иштер министри;
— Кубатбек Боронов – өзгөчө кырдаалдар министри;
— Турдуназир Бекбоев – айыл чарба жана мелиорация министри.

КСДП премьер-министрлик кызматка Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөткөн. Анын талапкерлигин парламенттеги бардык фракциялар жактырышкан. Ага байланыштуу талапкердин бир тууган иниси болуп эсептелген парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков өз каалоосу менен кызматтан кетти.

Буга чейинки өкмөт башчысы Темир Сариев 11-апрелде өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Ал андай кадамга транспорт министри Аргынбек Малабаев менен болгон жаңжалдан кийин барган. Алар бири-бирин Балыкчы-Корумду унаа жолун куруу боюнча тендер өткөрүүдөгү корруциялык схемаларга айыптап жатышат.

Сүрөт: Азаттык