Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков агасы — Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке дайындалышы ыктымалдыгынан улам өз каалоосу менен кызматтан кетти.

Асылбек Жээнбеков парламенттин 13-апрелдеги пленардык жыйынында төрагалык кызматтан кетип жатканын билдирди. Анын бир тууганы агасы — Сооронбай Жээнбеков — учурда премьер-министрликке талапкер катары көрсөтүлүүдө.

«Азыр менин бир тууган агамды өкмөт башчылыгына дайындоо маселеси турат. Ошондуктан мен спикерлик ыйгарым укуктарымды өз каалоом менен тапшыруу жөнүндө арыз жаздым», — деп жазды «АКИпресс» маалымат агенттиги анын айткандарын.

Жээнбеков социал-демократтар (КСДП) фракциясынан парламенттин VI чакырылышынын депутаты бойдон кала берет.

Азырынча Жээнбековдун ордуна кимдин төрага болуп келери белгисиз.

КСДП 12-апрелде премьер-министр кызматына Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөткөн.

Социал-демократтардын ал чечимин парламенттеги «Ата Мекен», «Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары да колдошкон.

Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдын апрелинен 2015-жылдын декабрына чейин Ош облустук администрациясынын башчысы кызматын ээлеп турган. Андан соң ал бир нече ай Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген. Анын акыркы кызматы — президенттин администрациясынын башчысынын орун басары, анын бул кызматта иштеп баштаганына бир айдан аша элек.

Буга чейинки өкмөт башчысы Темир Сариев 11-апрелде өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Ал андай кадамга транспорт министри Аргынбек Малабаев менен болгон жаңжалдан кийин барган. Алар бири-бирин Балыкчы-Корумду унаа жолун куруу боюнча тендер өткөрүүдөгү корруциялык схемаларга айыптап жатышат.