АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы адам укуктары тууралуу баяндамасында кыйноолорду колдонуу, азчылык укуктарын кемсинтүү, дин тутуу эркиндигин чектөө жана улутчулдук маселелерин белгиледи.

Тышкы иштер министрлигинин кызматын аткарган АКШнын Мамдепартаменти 2015-жылга карата дүйнөдөгү адам укуктарынын сакталышына арналган кезектеги баяндамасын 13-апрелде өз сайтына жарыялады.

Отчет Мамдепартаменттин дүйнө өлкөлөрүндөгү байкоочуларынын жана эксперттердин анализдери менен бааларына негизделген. Анда Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы абалына да баа берилген.

Баяндамада камактагыларга карата укук коргоо органдары тарабынан жасалган кыйноолор, сексуалдык жана этникалык азчылыктарга басым жасоо, журналисттерди куугунтуктоо, дин тутуу эркиндигин чектөө, адамдарды сатуу жана эл аралык өкмөттүк эмес уюмдарды куугунтуктоо учурлары белгиленген.

Америкалык адистердин баасы боюнча, 2015-жылы Кыргызстанда укук коргоо органдары тарабынан этникалык азчылык жана ЛГБТ өкүлдөрүнө карата зомбулук көрсөтүү, басым жасоо жана кысымга алуу учурлары уланган.

«ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрү билдиришкендей, милиционерлер атайын таанышуу сайттары менен чаттарын көзөмөлдөп, ал ресурстардын колдонуучулары менен жолугушууларды уюштуруп, алардан акча талап кылышат», — деп жазылган баяндамада.

Ошондой эле анда БУУга шилтеме жасоо менен «2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуудан кийин» негизсиз камакка алуулар менен кармоолордун көбөйгөнү белгиленген. Андан сырткары Мамдепартаменттегилер кыргыз өкмөтүндө этникалык азчылык өкүлдөрү жок деп эсептешет.

Отчетко ылайык, өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук учурлары көбөйгөн. Сексуалдык зомбулук менен күйөөлөрү тарабынан аялдардын сабалышы эч ким тарабынан көзөмөлдөнбөйт, адатта үй-бүлөдөгү зомбулук административдик айып пул төлөтүү менен гана жазаланат.

Баяндамага ылайык, балдарга ырайымсыз мамиле кылуу көйгөйү, анын ичинде жашы жете электерди сабоо, аларды эмгек жана сексуалдык пайдалануу өлкөдө актуалдуу болуп калган. Аны менен катар мамлекеттик органдардын балдар менен аялдарга карата жасалган зомбулуктарга каршы күрөшү натыйжасыз болгондуктан алар боюнча расмий статистика кыйла төмөндөтүлүп турат.

«Өлкөдөгү адам укуктарын коргоо тармагында кызмат абалдарын ашыкча пайдаланып, коррупция менен алектенген укук коргоо органдарынын жогорку кызматтарындагы адамдардын толук жазаланбастыгы байкалат. Андай абал борбордук бийликтин мыйзам бузгандарды жоопко тартуу каалоосунун жоктугун, аны ишкеп ашыруу үчүн кудуретсиз экенин көрсөтүүдө. Өз кезегинде ал күч органдарынын зомбулук менен алектенип, алсыз жарандарды куугунтуктоосуна мүмкүндүк берүүдө», — деп жазылган баяндамада.

Мамдепартаменттин бул маалыматтарынын көбү «Фридом Хаус» эл аралык укук коргоо уюмунун отчету менен дал келет. Ал уюм дагы өлкөдөгү кыйноолор, этникалык жана сексуалдык азчылык өкүлдөрүн куугунтуктоо фактыларын белгилеген.

Автор: Сезим Каныбекова