Москвада Орто Азия өлкөлөрүнөн барган 70тен ашык киши ууланып ооруканага жаткырылышты. Учурда алардын арасында кыргызстандыктардын бар-жоктугу такталууда.

Москвадагы жатакананын ашканасынан Тажикстан менен Өзбекстандан барган 73 мигрант ууланды. Кыргызстандын ТИМи алардын арасында кыргызстандыктадын бар-жоктугун тактап жатат.

Мигранттар Орусиянын борборундагы түрк курулуш компанияларынын биринде иштешкен, деп билдирүүдө «Би-би-синин» орус кызматы тажик мигранттарынын укуктарын коргоо менен алектенген коммерциялык эмес «ЭТМОС» өнөктөштүгүнүн президенти Каримжон Ёровго шилтеме жасап.

Ёровдун маалыматы боюнча, мигранттардын кечки тамагына палоо менен эт, гарнир катары картөшкө пюреси менен макарон берилген. Тамакты тапшырык менен мигранттар эмгектенген фирманын ашпозчулары жасашкан. Тамактангандан кийин андагылардын 70тен ашыгынын кускусу келип, баш айлануу белгилери пайда болуп, андан соң тез жардам кызматын чакыруу чечими кабыл алынган.

«Мигранттар жумушчу ордуларын жоготуп алуудан коркуп, окуя тууралуу ачык айтуудан баш тартып жатышат. Кечээ кечинде полиция кызматкерлери дагы окуяны тартууга тоскоолдук кылышты. Жүздөн ашык киши ооруканага жеткирилди. Балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн тез жардам кызматкерлери аларга көчөдөн эле медициналык жардам көрсөтүп башташты», — деген Ёров BBCге.

Окуя болгон жатаканага тез жардам кызматынын 27 тобу барган. 73 кишинин 60ы Боткин атындагы жана №2 ооруканага жеткирилишкен.

Калган 13 кишиге жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн. Алар 25 жаштан 40 жашка чейинки курактагылар.

14-апрель күнү эртең менен бейтаптардын бир бөлүгү өз каалоолору менен ооруканадан чыгып кетишкен.

«Московский комсомолец» менен «Азаттыктын» маалыматтары боюнча, уулангандардын арасында кыргызстандыктар да бар.