Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-апрелге чейин парламенттин жана өкмөттүн имараттарынын алдына митинг өткөрүүгө тыюу салууну мыйзамдуу деп тапты. Сурамжыланган юрист соттун чечимин мыйзамсыз деп эсептөөдө.

12-апрелден 23-апрелге чейин тынчтык жыйындарын өткөрүүгө Бишкектин Биринчи май райондук милиция бөлүмү тарабынан чектөө киргизилген.

Тыюу парламент жана өкмөт имараттарынын алдындагы, борбордук Ала-Тоо аянтындагы, Фрунзе көчөсүнүн Эркиндик гүлбагы менен кесилишкен жериндеги сейил бактагы жана Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөлөрүндөгү нааразычылык акцияларына тиешелүү.

12-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту ал тыюуну мыйзамдуу деп тапкан.

Соттун чечимине ылайык, жогоруда аталган жерлерде өткөрүү пландалган митингдер Горький атындагы сейил багына көчүрүлүшү керек. Ал сейил бак дагы шаардын борборунда жайгашкан, бирок борбордук көчөлөрүндө эмес.

Тыюу салуунун мыйзамдуулугунан юрист Лейла Назгүл Сейитбек күмөн саноодо. Ал «Фэйсбуктагы» баракчасына Биринчи май райондук сотунун чечиминин көчүрмөсүн жайгаштырды.

«Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБсинин түрдүү митингдер менен тынчтык акцияларынын кандай гана түрү болбосун, аларды өткөрүү жерлерин чектөө тууралуу 2016-жылдын 12-апрелиндеги чечими кабыл алынып […], ал мыйзамдуу жана негиздүү деп табылсын», — деп жазылган чечимде.

Милиция аны менен 14-апрелде өтүшү керек болгон парламент имаратынын алдындагы бир митингге тыюу салды.

«Жарандардын кайрылуулары»

Документте шаар борборунда митингдерди өткөрүүгө тыюу салууга нааразычылык акцияларын токтотуу өтүнүчү менен Биринчи май райондук ИИБсине кайрылган «жарандардын арыздануулары» себеп болгону жазылган.

«Ал акциялардын уюштуруучуларынын аракеттери Бишкек шаарынын жашоочулары менен меймандарынын нааразычылыктарынын жаралышына, чыңалуу абалын пайда кылуу менен шаар аймагындагы коомдук-саясий абалдын туруксузданышына алып келиши мүмкүн…» — деп жазылган документте.

Тыюу салуунун дагы бир себеби катары май майрамдарын белгилөөгө даярдыктарды көрүү айтылган. Учурда Ала-Тоо аянтында брусчатка төшөө жана тарых музейин оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

2013-жылдын октябрында Kloop.kgнин кызматкерлери митингдерге тыюу салуу боюнча кайрылууларды милициянын өзү чогултуп жүргөнүнө күбө болушкан.

Анда участкалык милиционер Kloop.kgнин кызматкерине Кыргызстанда «пикеттердин, митингдердин жана революциялардын болбошу» үчүн арызданууларды чогултуп жатканын айткан.

«Мыйзамсыз чечим»

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Жибек Кенжебекова Биринчи май райондук сотунун чечимин мыйзамсыз деп эсептейт.

«Тынчтык чогулуштары тууралуу мыйзамга ылайык, эгер акциялар коомдук тартипти, улуттук коопсуздукту, ошол аймактагы адамдардын укуктарын бузуп же алардын саламаттыгына зыян келтире турган болсо гана чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Соттун чечиминде жогоруда айтылган пункттар кандайча бузула тургандыгы жазылган эмес. Анан да мыйзам бузуу фактысы жок болгондон кийин кантип ал акция коомдук тартипти бузат деп айтууга болсун?» — деди ал.

Анын айтымында, сот акциялар шаар аймагындагы «коомдук-саясий абалды туруксуздаштырат» деген милициянын жүйөлөрүнө карата тиешелүү баа берген эмес.

«Мен чечимде көрсөтүлгөн пландалып жаткан акциялардын тематикасын карап көрдүм, алар чектөө үчүн эч себеп болушу мүмкүн эмес. Эгер акциялардын максаты абалды туруксуздаштыруу болсо, же ал ошондой абал жарата турган болсо, анда чектөө чечимин кабыл алса болмок. Ал эми транспорт кыймылына тоскоолдуктарды жаратуу ыктымалдыктары тууралуу айтсам, ал чектөөлөрдү киргизүүгө негиз болбойт, анткени «Тынчтык чогулуштары тууралуу» мыйзамда ал тууралуу жазылган эмес. Мыйзамдын 2чи жана 15-беренелеринде акцияларды чектөө үчүн негиздер так жазылган, а бул жакта ал негиздер жок», — деди юрист.

Кенжебекованын айтымында, май майрамдарына даярдануу да тыюу салууга негиздүү себеп болуп эсептелбейт.

«Май майрамдарына даярдануу тууралуу, биринчиден, алар аянтта оңдоо иштери жүргүзүлөрүн жана анын кайсыл күнү болорун көрсөтүшкөн эмес. Экинчиден, оңдоо иштери аларга (митинг катышуучуларына) тоскоолдук кылбайт. Адатта акция өткөрүүдө митингдин катышуучулары ордуларында эле турушат же жол жээгинен өтүшөт», — деди ал.