Оппозиционер Адил Турдукулов «Фейсбуктагы» баракчасына болжолдуу түрдө Кыргызстандын башкы прокурору Индира Жолдубаеванын инисинин казак чек арасында маңзаты менен кармалгандыгы тууралуу айтылган документти жарыялады. Казак полициясы Жолдубаевдин кармалгандыгы фактысын ырастаган жок.

Турдукулов ал документти «Фейсбуктагы» баракчасына 15-апрелде жайгаштырды. Анда 9-апрель күнү кыргыз-казак чек арасынан Жолдубаев Эрмек Ырысбаевдин кармалгандыгы тууралуу айтылган. Документке ылайык, Кыргызстандын башкы прокурорунун инисинин чөнтөгүнөн эки граммга жакын маңзаты табылган.

Кармалган адамдын фамилиясы менен атасынын аты Кыргызстандын башкы прокурору Индира Жолдубаеванын фамилиясы менен атасынын атына толук окшош. Бирок ошол эле маалда кармалган Эрмек аттуу ал адамдын башкы прокурордун бир тууганы же бир тууганы эмес экени белгисиз.

Кордай райондук ички иштер бөлүмүнөн (РИИБ) Kloop.kgге Жолдубаевдин кармалгандыгы тууралуу маалыматты ырасташкан жок.

«Бир нече күн мурда [казак чек арасында Кыргызстандын жараны] кармалган, бирок анын Жолдубаев болгон-болбогондугун так айта албайм», — деди РИИБ кызматкери.

Кыргызстандын Борбордук казыналыгынын сайтында Эрмек Жолдубаев мекеменин кызматкерлеринин бири катары көрсөтүлгөн. Бирок мекеменин өзүнөн Жолдубаев «эчак эле кызматтан кеткенин» айтышты.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынан «Азаттыкка» Эрмек Жолдубаев Бишкекте болгонун жана 9-апрелде кыргыз-казак чек арасынан өтпөгөнүн билдиришкен.