Microsoft Кошмо Штаттарынын бийлигине карата жазылган соттук доо арызында өлкө бийлиги кардарларынын маалыматтарын текшерип жаткан маалда ал тууралуу колдонуучуларга билдирүү укугун талап кылууда. Компаниянын маалыматы боюнча, акыркы 18 айдын ичинде федералдык бийлик колдонуучулардын жеке маалыматтарына жетүү мүмкүнчүлүгүн сурап 5634 жолу кайрылган.
Reuters эл аралык агенттиги жазгандай, Microsoft корпорациясы АКШ бийлиги өлкө конституциясын бузуп жатканын билдирген. Анда бийлик компаниянын кардарларына электрондук почталары менен булуттуу платформаларда сакталган жеке маалыматтарынын каралып жаткандыгы тууралуу билдирүүгө урукса бербей жаткандыгы айтылган.
Microsoft соттук доо арызын Сиэттлдеги федералдык сотко 14-апрелде берди. Корпорациянын жактоочуларынын айтымдарында, бул сыяктуу сурамдар жашыруун тинтүүлөргө тыюу салган «Конституцияга киргизилген төртүнчү түзөтүүлөрдү бузат».
Компаниянын маалыматы боюнча, акыркы 18 айдын ичинде эле федералдык бийликтен колдонуучулардын жеке маалыматтарына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү өтүнүчү менен 5624 сурам болгон. Ал сурамдардын жарымында бийлик кардарларга алардын маалыматтарын текшерип жаткандыктары тууралуу билдирбөөнү өтүнүшкөн.
Адамдардын жеке маалыматтарын булуттуу сактоо жайларында сактоого өткөндүгү фактысы аларды купуялуулукка болгон укуктарынан ажыратпайт, деп эсептейт Microsoft.
«Өкмөт өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, жашыруун тергөө иштерин жүргүзүү үчүн булуттуу аспаптарга өтүүнү пайдаланып жатат», — деп жазылган соттук доо арызда.
Юстиция министрлигинин расмий өкүлү Эмили Пирс Reuters агенттигине курган маегинде мекеме «доо арызды карап жатканын» билдирген.
Бул коммерциялык компаниялар менен бийлик ортосундагы алгачкы талаш-тартыш эмес. Буга чейин Apple корпорациясы ФБРге колдонуучуларынын жеке маалыматтарына кирүү мүмкүндүгүн берүүдөн баш тарткан. Компания 2015-жылдын аягында атайын кызматтар үчүн шифрлөө системасын айланып өтүүгө мүмкүндүк берген операциялык системаны иштеп чыкпай турганын билдирген.
Microsoft
Microsoft — программалык камсыздоо жана эсептөөчү техникаларды өндүргөн ири компаниялардын бири. Аны Гарвард университетинин студенттери Билл Гейтс менен Пол Аллен 1975-жылы негиздешкен. Компанияга бүткүл дүйнөлүк атак-даңкты компьютерлер үчүн чыгарган Windows операциялык системасы менен документтер менен иштөөгө арналган программалары алып келген.
2015-жылдын жыйынтыгы боюнча, корпорация активдери эң көп ири компаниялардын тизмесинде калган. 2015-жылдын акыркы кварталынын жыйынтыгында Microsoftтун кирешеси 22,2 млрд. долларды түзгөн.