Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын мамлекеттик департаментинин адам укуктары тууралуу баяндамасын «саясий жүйөлөнгөн» жана «көз көрүнөө ангажирлөө» деп атады. Ал баяндамада АКШ бийлиги Кыргызстандагы «кыйноолор, зомбулук жана улутчулдук» тууралуу жазган.

16-апрелде Кыргызстан ТИМи АКШ Мамлекеттик департаментинин баяндамасынын Кыргызстанга арналган бөлүгүн «саясий опузалоо» жана «мамлекеттин учурдагы саясий системсына негизсиз жана орунсуз басым жасоо аракети» деп эсептей турганын билдирди.

Министрлик өз билдирүүсүндө баяндама «Кыргызстан элинин салт-санаасына жат көрүнүштөр менен көз караштарды таңуулап келген» «белгилүү бир жарандар» менен уюмдар тарабынан берилген маалыматтарга таянып жазылгандыгын белгилеген.

«Мыйзамсыз камакка алуу», «саясий жактан бийликтин кызыкчылыгы менен макул эмес жарандарды изолюциялоо» тууралуу айтылган бөлүктөрүн таптакыр объективсиз жана негизсиз деп эсептейбиз. Ошондой эле «кызмат адамдарынын жазаланбастыгы», Азимжан Аскаровдун «укуктарын бузуу» жана «бийликтин өкмөттүк эмес уюмдарга карата басым жасоосу» делинген байкоолор да таптакыр сандырактай көрүнүүдө», — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Ошондой эле мекеме билдирүүсүндө Кошмо штаттардын өзүндөгү «расалык басмырлоолорго, полиция кызматкерлерине бардыгына уруксат берилгендигине жана алар тараптан жасалган ээнбаштыктарга» көңүл бурган. ТИМдин пикиринде, Мамдепартаменттин көңүлүнө мурдагы кыргыз бийлиги «абдан жакчу».

«[Бакиев убагында] оппозиционерлерди сабап, жок кылып, ал эмес тирүүлөй өрттөп келишкен, журналисттерди майып кылып, өлтүрүшкөн, өлкөнү уялбастан талап-тоношкон. […] Анын бардыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңсесиндеги иш бөлмөлөрдү да ээлеп турган АКШ жарандарынын көзөмөлү алдында жасалган», — деп билдирди ТИМ.

«Кыйноолор, улутчулдук жана зомбулук»

Тышкы иштер министрлигинин кызматын аткарган АКШнын Мамдепартаменти 2015-жылга карата дүйнөдөгү адам укуктарынын сакталышына арналган кезектеги баяндамасын 13-апрелде өз сайтына жарыялады.

Отчет Мамдепартаменттин дүйнө өлкөлөрүндөгү байкоочуларынын жана эксперттердин анализдери менен бааларына негизделген. Анда Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы абалына да баа берилген.

Баяндамада камактагыларга карата укук коргоо органдары тарабынан жасалган кыйноолор, сексуалдык жана этникалык азчылыктарга басым жасоо, журналисттерди куугунтуктоо, дин тутуу эркиндигин чектөө, адамдарды сатуу жана эл аралык өкмөттүк эмес уюмдарды куугунтуктоо учурлары белгиленген.

«ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрү билдиришкендей, милиционерлер атайын таанышуу сайттары менен чаттарын көзөмөлдөп, ал ресурстардын колдонуучулары менен жолугушууларды уюштуруп, алардан акча талап кылышат», — деп жазылган баяндамада.

Ошондой эле анда БУУга шилтеме жасоо менен «2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуудан кийин» негизсиз камакка алуулар менен кармоолордун көбөйгөнү белгиленген. Андан сырткары Мамдепартаменттегилер кыргыз өкмөтүндө этникалык азчылык өкүлдөрү жок деп эсептешет.

Отчетко ылайык, өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук учурлары көбөйгөн. Сексуалдык зомбулук менен күйөөлөрү тарабынан аялдардын сабалышы эч ким тарабынан көзөмөлдөнбөйт, адатта үй-бүлөдөгү зомбулук административдик айып пул төлөтүү менен гана жазаланат.

Баяндамага ылайык, балдарга ырайымсыз мамиле кылуу көйгөйү, анын ичинде жашы жете электерди сабоо, аларды эмгек жана сексуалдык пайдалануу өлкөдө актуалдуу болуп калган. Аны менен катар мамлекеттик органдардын балдар менен аялдарга карата жасалган зомбулуктарга каршы күрөшү натыйжасыз болгондуктан алар боюнча расмий статистика кыйла төмөндөтүлүп турат.

«Өлкөдөгү адам укуктарын коргоо тармагында кызмат абалдарын ашыкча пайдаланып, коррупция менен алектенген укук коргоо органдарынын жогорку кызматтарындагы адамдардын толук жазаланбастыгы байкалат. Андай абал борбордук бийликтин мыйзам бузгандарды жоопко тартуу каалоосунун жоктугун, аны ишкеп ашыруу үчүн кудуретсиз экенин көрсөтүүдө. Өз кезегинде ал күч органдарынын зомбулук менен алектенип, алсыз жарандарды куугунтуктоосуна мүмкүндүк берүүдө», — деп жазылган баяндамада.

Мамдепартаменттин бул маалыматтарынын көбү «Фридом Хаус» эл аралык укук коргоо уюмунун отчету менен дал келет. Ал уюм дагы өлкөдөгү кыйноолор, этникалык жана сексуалдык азчылык өкүлдөрүн куугунтуктоо фактыларын белгилеген.

Башкы сүрөттө: Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин 2015-жылдын 31-октябрында Бишкекке келген АКШ Мамлекеттик департаментинин башчысы Жон Керри менен болгон жолугушуусу. Кыргызстан ТИМинин басма сөз кызматы.