Kloop.kgнин кабарчысы Эльдос Казыбеков «Бардыгын жасап көрөбүз» автордук программасынын алкагында бир күн короо тазалоочунун ишин аткарып көрүүнү чечти. Бул кесипти тандап алууну каалагандарды кандай кыйынчылыктар күтүп тургандыгы жөнүндө Kloop.kgнин видеорепортажында.

Баяндоо Казыбековдун атынан жүрөт:

«Тазалык» муниципалдык кызматынын жумушчуларынын иш күнү эртең мененки саат жетиде башталат.

«Тазалыктын» таштанды жүктөөчүсү Анарбек Сопубековдун айтымында, аларга физикалык күч коротууга даяр адамдар керек.

«Адам иштөө каалоосу менен келиши керек. Айрымдары эки-үч күн эле иштеп кетип калышат. Бирок калып калгандары да аз эмес»,— деди ал.

Мага «Тазалыктын» жумушчулары менен биргеликте жаандан кийин арыктарды тазалоого туура келди.

Муниципалитетте жалпысынан 545 короо тазалоочу иштейт. Эреже катары, алар жогорку билимге ээ эмес адамдар. «Тазалыктын» расмий маалыматтары боюнча, таштанды тазалоочулар айына 4500 сомдон 8700 сомго чейин алышат.

Ишкана жумушчуларынын түштөнүү үчүн тыныгуусу 12:00дөн 14:00гө чейин созулат. Негизинен короочулар түшкү тамакты өз үйлөрүндө ичишет.

Түштөнүүдөн кийин биз алар менен Бөкөнбаев жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинен жолугуп, ишибизди уланттык.

Кечке жакын «Тазалыктын» кызматкерлери менен бирге чогулган таштандыны Маевка айылынан алыс эмес жерде жайгашкан шаардык таштанды төгүү жайына алып бардык.

Таштанды төгүү жайына кирип бара жатканда мурдума таштандылардын ачуу жыты урду. Менин дем алуум оорлоп, айрым учурларда кускумду келтирген рефлекске чейин жетип жатты. «Тазалыктын» жумушчуларына күн сайын ушундай учурду баштан өткөрүүгө туура келет.

Жеке байкоолорума таянуу менен «Тазалыктын» өкүлдөрү өтө сейрек жылмайышат деп айта алам — чогулган таштандынын көрүнүшү көңүл ачууга ниеттендирбейт деле.

Жумушчу күндүн аякташы менен өзүмдүн алсызданганым сезилип, дене боюм каттуу ооруп жатты. Үйгө баргандан кийинки башыма келген алгачкы ой: чайынмага түшүп, тезирээк жатып уктоо болду.

Бул бир күндүк жумуштан кийин мен биздин короо тазалоочуларыбыз тарабынан кандай чоң эмгек жасаларын, бирок ошол эле маалда алардын ал аракеттери болбогон акчага баалана турганын түшүндүм.