18-апрелге караган түнү белгисиз адамдар Ала-Тоо аянтына отургузулган 800гө жакын жоогазын гүлүн уурдап кетишкен. Алардын ордуна жаңы гүлдөр 20-апрелден кийин отургузулат.

«Жашылдандыруу» муниципалдык кызматы борбордук Ала-Тоо аянтындагы жоогазындардын уурдалышы боюнча милицияга арыз менен кайрылды, деп билдиришти Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан.

Андагы гүлдөрдүн жарымын кесип, калгандарын жулуп кетишкен, клумбада зыянга учураган жоогазындар да калган.

Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Ажар Мэлсова Kloop.kgге жабыркаган гүлдөр бүгүн алмаштырыла тургандыгын айтты.

«20-апрелден тарта гүлдөп бүткөн жоогазындардын ордуларына жаңы сезондук гүлдөр отургузулат. Май майрамдарына карата сельвия, тагетис, агератум жана башка гүлдөрдү отургузабыз», — деди ал.

Мэлсова аянтка орнотулган видеокөзөмөл камералары боюнча милиция ууруларды жакынкы убактарда колго түшүрөт деген үмүттө.

«Биз гүлдөрдү кайтаруу үчүн «Жашылдандыруу» ишканасынын кызматкерин кое албайбыз, ал үчүн бизде кайгуул милициясы бар», — деп кошумчалады басма сөз катчы.

Жоогазындар Курманжан Датка менен Манастын эстеликтеринин айланасына жана Ала-Тоо аянтына 2015-жылдын ноябрында отургузулган.

Жалпысынан дээрлик 23 миң баш жоогазын отургузулуп, шаар бюджетинен ага 360 миң сомго жакын каражат жумшалган.

Сүрөт: Zanoza