Экстремизм жана терроризм боюнча соттолгондор үчүн абактарда өзүнчө орундар бөлүнөт, деп жазылган Кылмыш-аткаруу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдө.

Президент 18-апрелде экстремисттерди калган камактагылардан өзүнчө бөлүп кармоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Өзгөртүүлөр «түзөтүү жайларында экстремисттик пропаганда жана үгүттөө ыктымалдыктарын азайтуу» үчүн киргизилген.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Александр Никсдорф Kloop.kgге курган маегинде төрт абакта экстремизм боюнча соттолгондор үчүн атайын орундар даярдалганын айтты.

«Балдар тартипти бузбастан өзүлөрүн адептүү алып жүрүшөт. Бирок убакыттын өтүшү менен өз ишмердүүлүгүнө жаңы адамдарды тартып башташат. Ошондуктан андан ары жайылтпаш үчүн аларды өзүнчө бөлүү зарылдыгы келип чыкты», — деди ал.

Анын айтымында, экстремисттер Кылмыш-аткаруу кодексине киргизилген өзгөртүүлөр кабыл алганга чейин алты айдын ичинде курулган өзүнчө имараттарда кармалышат.

ЖАМКнын маалыматы боюнча, жалпысынан Кыргызстандын абактарында экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүк үчүн соттолгон 150 чамалуу адам бар.

Экстремизм пропагандасына каршы күрөшүү маселеси «Ислам мамлекети» (ИМ) тарабында согушуу үчүн Сирияга кетип жаткан кыргызстандыктардын санынын өсүшүнүн фонунда көп талкууга алынып баштаган. Ал уюм бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик деп табылган.

ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Сирияда ИМ тарапта согушуп жүргөн 500дөн ашык кыргызстандык бар.

ИИМ 2015-жылдын майында Кыргызстанда экстремисттик уюмдар менен байланышта болуу ыктымалдыгынан улам 1800дөн ашык киши милициянын каттоосунда экенин билдирген.

Транспорт министрлиги 2016-жылдын мартында прокуратурага интернеттеги экстремисттик материалдарды соттун чечимине чейин убактылуу тосмолоо ыйгарым укугун берүүнү сунуштаган. Бир жыл мурда күч түзүмдөрү да экстремисттик сайттарды соттун чечимисиз эле тосмолоону сунушташкан.

Башкы сүрөттө: Өмүр бою эркинен ажыратылган үчүн курулган Кыргызстандагы алгачкы абак.
Соавтор: Александра Титова