Кыргыз дипломаттары Жапониядагы жер силкинүүлөр маалында төрт кыргызстандыкты — эки баласы менен бир аялды жана дагы бир кызды — элчилик имаратына убактылуу жайгаштырышты. Кырсыктан жалпысынан 1100гө жакын адам жабыркап, 40тан ашыгы каза болду.

Жапониянын түштүк-батышындагы бир канча жолку жер силкинүүдөн кийин Кыргызстандын ал өлкөдөгү элчилиги Кюсю аралынын Кумамото префектурасында жашаган төрт кыргызстандыкты өз имаратына убактылуу жайгаштырды.

Элчиликтин маалыматы боюнча, кырсык болгон жерде Кыргызстандын башка жарандары жок.

«Учурда элчиликте бир үй-бүлө бар — эки баласы менен бир аял жана Кыргызстандын дагы бир жараны. Алар Кумамото шаарындагы университетте иштешет. Алар баары тынчыгыча элчиликте бир аптадай жашашат, анткени 3-4 баллдагы дагы кайталанчу жер силкинүүлөрү уланып жатат, андан соң шаарга кайтып барышат», — деп билдиришти Kloop.kgге Кыргызстандын элчилигинен.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги учурда жер титирөөдөн жабыркаган Оита префектурасында дагы 20 кыргызстандык бар экенин, алардын көбү мамлекеттик кызматкерлер экендигин билдирди.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, аларды куткаруучу топ коопсуз жайга чыгарып кеткен.  

«Бүгүнкү күнгө карата кырдаалды баалап чыгуунун жыйынтыгында ал жарандар өз үйлөрүнө кайтып барышты. Алардын ал-жайы турукташты, абал жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө», — деп жазылган Кыргызстандын ТИМинин пресс-релизинде.

14-15-апрель күндөрү болгон бир канча жолку жер силкинүү үйлөрдүн кулап, тамырлардын ордуларынын жылып, жолдордун бузулушуна алып келген.

Жапония полициясы Кюсю аралыгындагы кырсыктын жыйынтыгында, 40 киши каза болуп, жаракат агандардын саны 1094төш ашканын билдирүүдө.

Жапон метеорология кызматынын маалыматы боюнча, аралда жер алдындагы силкинүүлөр дагы деле уланууда. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык болгон аймакка куткаруучуларды жөнөтүп жатат.

Кюсю аралыгындагы 6,4 баллдык жер титирөө баарынан да Масики шаарына көп зыян алып келген. 14-апрелде болгон зилзаладан ондон ашык имарат урап түшкөн. Анда ЖМКлар тогуз кишинин каза болуп, дагы жүздөгөнү жаракат алгандыгын билдиришкен.

Сейсмологдор силкинүү күчү 2011-жылдын мартындагыдай болгонун айтышкан. Анда жер силкинүүдөн улам цунами болуп, ал 15 миңден ашык кишинин өмүрүн алып кеткен. Бирок өлкө бийлиги бул жолку жер силкинүүдөн цунами башталбай тургандыгын билдиршти.

Бир суткадан кийин Кюсюда силкинүүлөр кайталанды. Жаңы жер титирөө 7,1 баллдык күч менен Кумамото префектурасында болуп, аралда цунаминин башталуу коркунучу жарыяланган.

РИА Новости NHK жапон телеканалына шилтеме жасоо менен 14-апрелден бери Жапонияда 500 жер алдындагы силкинүү катталганын билдирди.