Kloop.kgнин редакциясы Бишкектеги официанттарды жумуш маалында эмнелер кыжырданта тургандыгын билүү үчүн алардын арасында сурамжылоо жүргүздү.

Официант — күн сайын коомдук тамактануу жайларында ондогон кардарларды тейлеген адам. Кээ бирде официанттар таптакыр тейлегиси келбеген ар түрдүү адамдарга туш болушат.

Алар Kloop.kgге өз кесибиндеги көйгөйлөр, орой кардарларга болгон жактырбоо сезимдери тууралуу айтып, жумуш маалында аларды эмнелер кыжырданта тургандыгы тууралуу ой бөлүшүштү.

— Адамдардын кежирленүүсү кыжырдантат. Сураганын жылмайып алып келип берсең деле алар майда-чүйдө нерселерден кыйкым таап, асылып башташат.

of2-23

— Кардарлардын көңүлсүз келгени жинди келтирет.

— Менин кыжырымды иш графигим кыжырдантат. Эртең мененки 9дан кечки тогузга чейин иштөөгө туура келет.

— Адекватсыз меймандар жинимди келтирет. Келип алып жаман сөздөрдү айтышат. Мен аны татыксыз жүрүш-туруш деп эсептейм.

— Биздин администрациянын болгону 5-10 мүнөткө гана кечигип калганыңа карабасан айып төлөткөнү кыжырдантат.

of2-23

— Кардарлар дароо заказ бербестен, кечке эле официанттын мазасын ала берген учурлар кыжырдантат. Дароо эле заказ берсе деле болот да.

— Чайпул таштабай кеткендер кыжырдантат.

— Меймандардын «өз табитиңе жараша тамак алып келе бер» деп айтышып, андан соң аны жактырбай, кайра алып кетүүмдү өтүнгөндүктөрү жакпайт.

— Кардарлардын заказ берүүгө даяр эмес болуп туруп даяр экендиктери тууралуу айткандыктары жинимди келтирет.

of3-copy-1

— Кардарлардын келип эч нерсе заказ бербестен эле вай-файдын сыр сөзүн сурагандыктары жакпайт.

— Кардарлардын келип эч нерсе заказ бербестен эле вай-файдын сыр сөзүн сурагандыктары жакпайт.

— Мени менен жумуш маалында таанышууга аракет кылгандыктары кыжырдантат.

— Бааларга нааразы болуп, даттангандыктары жинимди келтирет.

Сүрөттөрдүн бардыгы тең иллюстрацияланган. Авторлор: Эльдос Казыбеков жана eda.ru