Президент Алмазбек Атамбаев «Куралдар жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Эми травматикалык курал үчүн бир куту ок-дары сатып алган ар бир адам алгачкы атылган бир канча гильзасын милицияга тапшырууга милдеттүү болот.

Расмий түрдө мыйзам 4-майда, жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ал парламент депутаттары тарабынан үчүнчү окууда 10-мартта кабыл алынган.

«Куралдар жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдө травматикалык курал ээлерин кутусу менен ок-дары сатып алган учурларда алгачкы атылган бир канча гильзасын милицияга тапшырууга милдеттендирүүнү сунушталган.

Мыйзам долбоору өлкөнүн Ички иштер министрлиги тарабынан демилгеленген. Мекеме мындай сунушту «травматикалык куралдарды кылмыш кылуу максатында пайдаланган учурлар көбөйгөндүктөн» улам парламентке киргизген.

«Куралдын ээси участкалык милиция тарабынан чакырылат да, ээсинин көзүнчө гильзотекага үлгүлөрү тандалып алынат», —деген анда ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов.

Асанов билдиргендей, ИИМ жалпысынан 31 курал саткан дүкөн менен келишим түзгөн. Ал дүкөндөр сатып алуучуларга мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берип турушат.

Травматикалык куралга мыйзамсыз ээ болуу, аны алып жүрүү Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 241-беренеси менен каралып, күнөөлүү деп табылгандар эки жылга чейин эркинен ажыратуу же 10 миң сомго чейинки суммадагы айып пул төлөө жазасы менен жазаланышат.

Милициянын статистикасы боюнча, жалпысынан өлкөдө 7600дөн ашык даана травматикалык курал бар.