Курманжан Датканын жашоосу тууралуу айтылган «Ханышанын көз жашы» кыргыз спектакли Улуу Британияда 2016-жылдын августунда коюлат. Анда башкы ролдорду британ актерлору аткарышат.

Orzu ARTS Лондон театры Курманжан Датканын жашоосу жана ой жүгүртүүлөрү тууралуу айтылган «Ханышанын көз жашы» спектаклине даярданып жатат.

«Учурда биз кыргыз драматургу Султан Раев тарабынан жазылган спектаклдин үстүнөн иштеп жатабыз. Пьеса жайкы театралдык сезон маалында Лондон сахнасында көрсөтүлөт», — деп жазылган театрдын сайтында.

Спектаклдин премьерасы 2016-жылдын августуна пландалууда, деди Kloop.kgге Тарых жана маданият жылдарын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын өкүлү Константин Конкин.

«Сүйлөшүүлөр былтыр болуп, анын жыйынтыгы менен театр ал пьесаны коюуга алган. Үч апта мурун пьеса англис тилине которулду. Учурда кастингдер аяктап, актерлор болжолдуу даярдыктарын башташты» — деди Конкин.

britteatr

Ал чет өлкөлүк театрлар спектаклге анын сценарийи 2015-жылы өткөн эл аралык сынакта жеңишке жеткенден кийин кызыгып калгандыктарын кошумчалады. «Ханышанын көз жашы» пьесасынын өзү жазуучу жана драматург Султан Раев тарабынан 2003-жылы жазылган.

Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция өзүнүн «Фэйсбук» социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу учурда британ актерлору ролдорго көнүгүү үчүн кыргыздардын үрп-адаты менен турмуш-тиричилигин үйрөнүп жаткандыктарын билдирди.

Даярдануу процессине театрдын негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси Юлдош Журабоев көз салууда. Ал пьесалар аркылуу европалыктарга борборазиялык маданиятты таанытууну каалайт.

Спектаклде Курманжан Датканын ролу актриса Кейти Тревелянга берилген. Эркектин ролун Антони Офиобу аткарат. Ал пьесанын аркасы менен өзүнө Борбордук Азияны, анын ичинде Кыргызстанды ачканын мойнуна алды.

Orzu ARTS театры Борбордук Азиянын искусствосуна адистешкен. Негиздөөчүлөрү аны чыгыш жана батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий алмашууну жөнгө салуу максатында ачышкан. Театрдын туруктуу мүчөлөрүнүн катарында демилгеге 2012-жылы кошулган кыргызстандык Назгүл Жүзүмова да бар.

«Искусство Улуу Британияда борборазия коомчулугун жандардырган ишти түзүү менен үрп-адаттарды, бийди, поэзияны жана салттуу ырларды бириктирет», — деп жазылган Orzu ARTS театрынын сайтында.