Парламент өзүнө төраганы тандап жатат. Ага чейинкиси агасы премьер-министр болуп шайлангандан кийин ыйгарым укуктарын тапшырып кеткен. Kloop.kgнин редакциясы төраганын ким экенин, анын эмнеге керектигин жана ал эмне кыла ала тургандыгын жөнөкөй тил менен түшүндүрөт.
Эмне болду?
Бүгүн, 20-апрелде, парламент депутаттары өздөрүнө төрага (спикер) тандашат. Мындай зарылчылык буга чейинки төрага Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбековдун премьер-министр болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктарын тапшыргандан кийин жаралган.
Төрага деген ким?
Жөнөкөй сөз менен айтканда, төрага — бул талкуулардын модератору жана парламенттеги администратор. Аны парламенттин башчысы деп айтууга болбойт, анткени ал депутаттарга алардын кандай чечим кабыл алуусу керектиги боюнча көрсөтмө бере албайт.
120 киши отурган чоң залды жана андан өлкө үчүн маанилүү маселелер талкууланышы керектигин элестетсеңер. Эгер алардын ар бири тең эле кыйкырып, биринин сөзүн бири бөлө берсе андан эч нерсе чыкпайт. Талкуунун үзүрлүү болушу үчүн төрага керек.
Ал маселелердин тизмеси, депутаттардын Жогорку Кеңеште сүйлөөсүнүн тартиби менен узактыгына жооп берет. Төраганын ар бир фракция бирдей иштөө шартына ээ болушу керектигине көз салуусу зарыл.
Эмнеге төрага маанилүү?
Төрагалыктын административдик кызмат болуп эсептелгенине карабастан ал бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын, тагыраагы парламенттин өкүлү катары саясий салмакка көбүрөөк ээ.
Ал Жогорку Кеңештин президент, өкмөт, сот системасы жана башка мамлекеттик органдар менен болгон өз ара аракеттери үчүн жооп берет. Төрага башка өлкөлөр менен болгон мамилелерде Кыргызстандын парламентинин өкүлү болот.
Эгер өлкө башчысы мөөнөтүнөн мурда кызматынан кете турган болсо, анда төрага президенттин милдеттерин аткарат. Ал эгер парламент кабыл алынышы керектигин айтып туруп алса, президенттин каршы болгонуна карабастан мыйзамдарга кол коет.
Парламенттин ишмердүүлүгү үчүн бөлүнгөн каражаттын кандай коротулуп, Жогорку Кеңештин мүлкүнүн кандай пайдаланыла тургандыгы төрагага көз каранды болот. Ал депутаттардын иш сапарларын жактырып, аларга кетчү чыгымдарды бекитет.
Төраганы ким тандайт?
Төраганы парламент депутаттары тандашат. Ал кызматка каалаган депутат талапкер боло алат. Шайлангандан кийин төрага депутаттык мандатын жоготпойт — ал дагы мыйзам долбоолорунун кабыл алынышын колдоп же каршы добуш бере алат. Төраганы шайлоо жашыруун (анонимдүү) добуш берүү аркылуу өтөт. Талапкер эгер аны колдоп 120 депутаттын 60тан ашыгы добуш берсе жеңишке жеткен болот.
Азыр талапкерлер ким?
Азыр эки талапкер бар — «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев.
Учурда экөө тең парламенттеги көпчүлүк коалициясынын курамында. Экөө тең 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин парламентке ишкер Өмүрбек Бабановдун «Руспублика» партиясынын тизмеси менен өтүшкөн. Кийин Бабановдун партиясынан чыгып, өзүнчө партия түзүшкөн.
Бакыт Төрөбаев — Кыргызстандын түштүгүнөн, Жалал-Абаддан чыккан саясатчы. Ал парламенттин IV жана V чакырылыштарында депутат болгон. «Республиканын» курамынан чыккандан кийин Төрөбаев «Өнүгүү-Прогресс» партиясын ачып, анын курамында парламенттин азыркы чакырылышына шайланып келген.
Төрөбаев 2008-жылдан 2010-жылга чейин ӨКМ башчысы болгон. Жети жыл ун комбинатын жетектеген, май куюу жайларын куруу жана күйүүчү май сатуу боюнча фирманын директору болгон. Саясатчынын атасы Эргеш Төрөбаев Жалал-Абад электр тармактарын 30 жылдан ашык убакыт жетектеген жана Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
Канат Исаев — Кыргызстандын түндүгүнөн, Чүй облусунан чыккан саясатчы. Ал 2010-жылдагы шайлоодо «Республика» партиясынын курамында парламентке шайланып келген. Партия лидери Өмүрбек Бабанов менен урушуп кеткенден кийин депутат болбой калган. Кийин ал Чүй облустук администрациясынын башчысы болуп дайындалган. Исаев парламенттин жаңы чакырылышына «Кыргызстан» партиясынын курамында шайланып келген.
Анын апрель революциясына чейинки ээлеген эң жогорку кызматы — Токмок шаарынын мэри. Ал иш карьерасын Бишкектин Свердлов райондук салык инспекциясында баштап, Экономика министрлигинин жетектөөчү адиси болгон.
Төрага шайлангандан кийин эмне өзгөрөт?
Кезектеги төраганын шайланышы менен дароо эле эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Бирок парламенттеги келечектеги талкуулардын сапаты менен багыты ал кишинин персонасы менен жөндөмдүүлүгүнө жараша болот.
Ал адамдын бардык депутаттарга акыйкат болуп, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын ишмердүүлүгүн бир партиянын же бир канча депутаттын кызыкчылыгында эмес, а парлементтин кызыкчылыгында координация кылуусу маанилүү.
Парламенттин өтө зарыл маселелерди жана силердин күнүмдүк жашооңорго тийиштүү болгон мыйзам долбоорлорун кабыл алып же четке кагуу боюнча канчалык тез чечим кабыл алуусу ал адамга көз каранды болот.