Сүрөт: Өспүрүмдөр тоодо өз алдынча жашап кетүүгө үйрөнүшүүдө

Алар көп эле чоң адамдардын колунан келе бербеген нерселерди жасашып, түрдүү коркунучтарды жеңишет: 30 метрлик аскаларга чыгып, аркан менен дарыя үстүнөн өтүшөт. Kloop.kgнин фотосүрөтчүсү альпинисттик клубдун өспүрүмдөрү менен бир нече күн болуп кайтты.

New Way — өспүрүмдөр альпинизмге жана тоо трекингине үйрөнүшкөн Бишкектеги туристтик клуб. Анда 12 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүмдөр тоодогу жапайы шарттарда кантип өз алдынча жашап кетүүгө мүмкүн экенине жана аскаларга чыгып, дарыялардан өтүүгө үйрөнүшөт.

Клубдун машыктыруучусу Тимур Сүйүнбаевдин айтымында, анын жети жылдык иш тажрыйбасында бир дагы кырсык болгон эмес.