Тергөө абактарындагы сурамжыланган өспүрүмдөрдүн 70 пайыздан ашыгы укук коргоо органдары тарабынан кыйноолор болгондугун айтып даттанышкан. Бул тууралуу кыйноолорго каршы борбордун баяндамасында жазылган. Милициядан ырайымсыз мамиле кылуу тууралуу ал маалыматтарды четке кагышты.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор 21-апрелде укук коргоо органдары жана абак кызматкерлери тараптан камактагыларга ырайымсыз мамиле кылуу учурлары тууралуу 2015-жылга карата жазган баяндамасын тааныштыруусу керек.

Борбордун кызматкерлери убактылуу кармоочу жайлардагы 54 өспүрүмгө суроо узатышкан — алардын 38и милиционерлер менен абактын кызматкерлери кылмышты мойундарына алдыртуу үчүн кыйнагандыктарын айтышкан.

Баяндамадагы маалыматтарга ылайык, жашы жете электерге карата жасалган кыйноолордун эң кеңири жайылган түрү уруп-согуу болуп эсептелет. Kloop.kg сурамжылоого катышкан өспүрүмдөрдүн баяндамада жазылган сөздөрүн келтирет:

Бишкек ШИИБсинин убактылуу кармоочу жайы, 16 жашта:

«РИИБде Али [милиционер] менин колдорумду башыма такап кармап, а экинчиси өйдө жактан мени чатыма уруп, тепкилеген. Алар мага дагы бир нече ишти жазып коюуну каалашкан. Андан соң артыман бетке урушту, абдан оорду. Кулагыман чоюп, кемсинтип, шылдыңдап күлүшкөн. Мен алардын кыйноолоруна чыдабай дагы үч ишти мойнума алгам».

№14 абак, 15 жашта:

«Түнкүсүн убактылуу кармоочу жайда ал менин колумду сындырып, мойнума алдыртты. Кийинчерээк мени 10 милиционер сабаган — башым менен төшүмө союл, швабра, колдору жана буттары менен соккуларды узатышкан. Нымдуу жерде уктоого калтырышкан. Тергөө абагынан кызматкерлер мени зордуктай тургандыктарын айтып коркутушкан».

71aef4ab-b2a0-4d0a-bfb9-26f96ebb18eb

№25 абак (5-тергөө абагы), 18 жашта:

«Тергөөчүнүн бөлмөсүндөгү алгачкы сурак маалында жана андан кийин дагы. Курсагым тарапка урушкан. Зордуктайбыз деп коркутушкан».

№14 абак, 17 жашта:

«РИИБден прокуратурага тергөөчү өзүнүн унаасы менен, дагы эки ыкчам кызматкердин коштоосунда алып барган. Анда алар мени сабап, коркутушкан. Прокуратурадан кийин дагы жети киши сабаган».

№25 абак (5-тергөө абак), 15 жашта:

«Башыма баштык кийгизишкен. Электрошокер колдонушту. Кышында эшикке чыгарышып, үстүмө муздак суу куюшкан. Башымды сууга салышкан. Союлдар, суу чүпүрөк менен сабашкан. Мага эч тиешеси жок төрт эпизодду мойнума илип коюшту».

1d2babac-3b22-4309-958b-9ebcd1ae6cbe

№25 абак (5-тергөө абагы), 14 жашта:

«Баштык кийгизип, тумчуктурушкан. Колдорумду байлап, сабашкан. Алар 3-4 киши болгон. Нургазы ыкчам кызматкер, көрсөм башкаларын да тааныйм».

№14 абак, 17 жашта:

«Мени биринчи жолу суракка алып келишкенде бөлмөгө экинчи кызматкер келип: «Балким аны атып салаттырбыз?», деди. Анан ал тапанчасын алып чыгып мага такады. Мен коркуп кетип кылмышты мойнума алгандыгымды жазып бергем».

№14 абак, 16 жашта:

«Алгач эч кандай кыйноолор болгон эмес, бирок кийин колдорумду байлап, коркутушту. Мен убактылуу кармоочу жайда камакта жатканда андагы кызматкерлер мас болуп алышып мени сөгүп, коркутуп, кемсинтишкен».

№21 абак (1-тергөө абагы), 17 жашта:

«7-8 саат суракка алышкан, суу куюлган бөтөлкө менен коркутушкан».

№14 абак, 18 жашта:

«Мени зордуктоо шеги менен төрт милиция кызматкери кармаган. Кармоо маалында алар өздөрүн тааныштырып, документтерин көрсөтүшкөн эмес. Мени РИИБге алып барышты. Анда башыма, белиме, бөйрөктөрүмө уруп, тырмактарыма ийне сайышты. Мени болжол менен саат 20:00дө кармашкан, а уруп-согуу түнкү саат үчкө чейин созулган».

e6cecc54-1530-48e3-aec9-1961b3d0ef6c

ШИИБ: «Убактылуу кармоочу жайларда кыйноолор жок»

Бишкек шаардык ИИББсинин басма сөз кызматкери Олжобай Казыбаев Kloop.kgге курган маегинде убактылуу кармоочу жайларда кыйноолор болбой тургандыгын айтты.

«[Убактылуу кармоочу жайларда] кимдир бирөөнү уруп-соккон учурлар болушу мүмкүн эмес, анткени ал жакка эч кимди киргизишпейт, ал жактан чыгарып гана кетишет, ал эми камераларда болсо видео-көзөмөл бар. Эгер ал далилдеп же даттана турган болсо, анда биз анын кармалган камерасындагы видео көчүрмөнү карап көрөбүз», — деди ал.

Казыбаев өспүрүмдөрдү убактылуу кармоочу жайга камай электе, суракка алып жатканда да эч ким кыйнабастыгын айтты.

«Андай фактылар каттала элек. Бизди да көзөмөлдөп турушат да: жеке коопсуздук кызматы бар, прокуратура бар, андыктан кызматкерлер андай кадамдарга барышпайт, кимдир бирөө үчүн, болгондо да өспүрүмдөр үчүн жаза алууну каалашпайт», — деп билдирди ИИББнин басма сөз кызматынын өкүлү.