Милиция 17-апрелден 18-апрелге караган түнү Ала-Тоо аянтындагы жоогазындарды уурдап кеткендерди кармады. Алар гүлдөрдү сатуу үчүн уурдаган эки аял жана алардын балдары болушкан. 

Милиция кызматкерлери 20-апрелде Ала-Тоо аянтындагы гүлдөрдү үзүп кеткен эки аялды жана алардын балдарын кармашты. Бишкек ШИИБсинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, алар 12 миң сомго бааланган 1200 жоогазын гүлүн уурдашкан.

Болжолдуу түрдө, алар гүлдөрдү сатуу үчүн үзүп кетишкен. Бишкектеги ресторандардын биринин күзөтчүсү белгисиз адамдар алардын кардарларына жоогазын гүлдөрүн сатып жаткандыктарын айтып милицияга кайрылган.

Бишкек ШИИБсинин басма сөз катчысы Олжобай Казыбаев жоогазын уурдагандарга административдик айып пул салынарын айтты. Бирок азырынча айып пул өлчөмү белгисиз.

«Кармалгандарды суракка алып, кое бердик. Бул майда бейбаштык, аларга айып пул салынат», — деди Казыбаев Kloop.kgге курган маегинде.

Окуя 17-апрелден 18-апрелге караган түнү болгон. Мэриядан Kloop.kgге борбордук аянттагы гүлдөрдүн бир бөлүгүн үзүп кетишип, айрымдарын зыянга учураткандыктарын билдиришкен.

23 миң жоогазын гүлүн отургузган «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасы милицияга арыз менен кайрылган. Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, гүлдөрдү отургузууга шаар бийлиги 360 миң сом короткон.

Сүрөт: Sputnik/Табылды Кадырбеков