Британ ханышасы Елизавета II бүгүн 90 жашка чыкты. Kloop.kg анын жашоосу тууралуу British Pathe медиакомпаниясынын кинохроникасындагы маанилүү видеолорду тандады.

Елизавета II тактыга 1952-жылы келип, британ монархтарынын ичинен эң узак бийлик жүргүзгөн монарх болуп эсептелет.

Елизавета Улуу Британиядан сырткары дагы он беш көз карандысыз өлкөнүн ханышасы болуп саналат. Алардын арасында Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия өлкөлөрү бар.

Британ салты боюнча, монархтардын эки туулган күнү болот — апрелден сырткары Елизавета июнда да туулган күнүн белгилейт — ал айда Британия бардык монархтардын «расмий» туулган күнүн белгилейт.

Kloop.kg British Pathe компаниясынын кинохроникасындагы Елизаветанын жашоосу тууралуу эң кызыктуу видеолорду тандады.

Елизаветанын 18ге толушу:

Елизаветаны такка отургузууга кымбат баалуу кийимдердин даярдалышы:

Такка отургузуу (эки бөлүктөн турат):

Улуу Британиянын ханышасынын үйлөнүү тою:

Канзаада Чарльздын төрөлүшү жана аны чокундуруу:

Елизавета парламентти ачууда:

Падыша үй-бүлөсүнүн эс алуу күндөрү:

Елизаветанын дүйнө кыдырган саякаты: