Евробиримдик Украина менен визасыз режим киргизиши мүмкүн — Еврокомиссия украин жарандары үчүн визасыз режим киргизүү боюнча Евробиримдиктин кеңеши менен Европарламентке расмий сунуш жөнөттү. Аны карап чыгуу жол-жобосу бир айдан кем эмес убакыттын талап кылат.

Украина үчүн виза режимин жоюу сунушу Европа комиссиясы тарабынан 20-апрелде киргизилди.

«Европа парламенти менен Евробиримдиктин кеңеши жакынкы убактарда биздин сунушубузду жактырышат деген үмүттөмүн», — деди Европа комиссиясынын президенти Жан-Клод Юнкер.

Сунушту карап чыгуу жол-жобосу бир айдан кем эмес убакытты талап кылат. Алгач аны парламент карап, андан соң анын чечимин Евробиримдик жактырышы керек болот.

Визасыз режим Ирландия менен Улуу Британия, ошондой эле Исландия, Швейцария, Лихтенштейн жана Норвегиядан башка Евробиримдикке мүчө бардык өлкөлөргө тийиштүү болот.

Бирок ошол эле маалда украиналыктар Евробиримдикте иштөө укуктарына ээ болушпайт.

Украинанын президенти Петр Порошенко Юнкер менен болгон телефондук сүйлөшүүсүндө көмөктөшкөндүгү үчүн ага ыраазычылыгын билдирип, виза режими жайдын башына карата жоюлат деген үмүттө экенин айтты.

«Европа комиссиясынын президенти Евробиримдик Украинанын ишенимдүү өнөктөшү бойдон калып жатканына ишендирип, украиндиктер жакынкы убактарда Евробиримдик боюнча визасыз саякаттоонун артыкчылыктарынан пайдалана алышат деген ишенимин айтты», — деп билдирди Украина президентинин басма сөз кызматы.

Апрелдин башында Голландияда 2016-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген Евробиримдик менен Украинанын алакасын жакындатуу зарылдыгы тууралуу референдум болгон. Анда добуш бергендердин 61%ы ага каршы экендиктерин билдиришкен. Ал референдумдун жыйынтыктары сунуш берүү мүнөзүнө ээ болгон. Расмий Киев «Голландия менен алаканы жакындатуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү күчөтө тургандыгын» билдирген.

2015-жылдын декабрында Еврокомиссия Украина виза режимин жоюу үчүн зарыл болгон бардык шарттарды аткаргандыгы жана ал режимди жоюу сунушу тууралуу жазылган отчет жарыялаган.