Empower Blind People коомдук биримдиги азиз балдар үчүн Кыргызстанда алгачкы лагерь ачууну пландап жатат. Уюм лагерди АКШнын тажрыйбасынын негизинде долбоорлоо ниетинде.

Empower Blind People уюмунун ыктыярчысы Алик Бакировду стаж өтүү үчүн АКШга чакырышты. Көзү көрбөгөн балдар үчүн лагерь уюштуруучу Enchanted Hills Camp for the Blind (EHCftB) стаж өтүү маалында аны бекер турак жай жана тамак-аш менен камсыз кылууну сунушташкан, бирок жол киренин баасын — 2500 доллар — бишкектик ыктыярчылар өзүлөрү төлөшү керек болууда.

Бакиров менен анын Empower Blind People биримдиги стаж өтүү маалында алган тажрыйбасын EHCftBнин Кыргызстандагы аналогун түзүү үчүн пайдалануу ниетинде.

Empower Blind People биримдигинин ыктыярчысы Нургүл Осмонова пландарды ишке ашыруу үчүн алгач аларга тажрыйба топтоп алуу керек деп эсептейт.

«Кадимки лагерде алар [балдар] өз алдынча эс ала алышпайт, а бизде азырынча өзүнчө атайын лагерь жок. Чынында ал балдар жайкы лагердин эмне экенин да биле алышпайт. Атайын лагердин кандай иштей тургандыгын билип келүү үчүн биздин кызматкер стаж өтүүгө барышы керек. Бул жылы ал штаттарда болуп, кийинки жылы биз лагерь ача алабыз деген үмүттөбүз», ‒‒ деди ал.

Бакировдун өзү АКШда стаж өтүү анын жаңы тажрыйбага ээ болуп, кесиптештерине көмөктөшүүсүнө жардам берет деп эсептейт.

«Мен бул практикадан көп нерсе ала алам деп ойлойм. Азыр биз көзү көрбөгөн азиз балдар менен иштеп жатабыз, бирок бизде атайын адистештирилген лагерлер жок. Андан улам биз андай лагерлердин АКШдагы иштөө системасын үйрөнөлү деп жатабыз», ‒‒ деди ал.

Көзү азиз кызы бар Анара Раманкулова лагерь түзүү идеясын колдойт.

«Бул көзү көрбөгөн балдар үчүн жакшы жардам болот. Мен кызымды жибермекмин, бирок анда бардык зарыл шарттар болуп, коопсуздук камсыз кылынса гана. Алар деген өз алдынча жылып жүрө алышпайт да, аларга дайыма камкордук керек эмеспи», ‒‒ деди ал.

Эгер көзү азиз балдар үчүн лагерь түзүүгө карай жасалып жаткан алгачкы кадамдын ишке ашуусуна жардам бергиңиздер келсе, анда сиздер акчаны өзүңүздөргө ылайыктуу жол менен которуп/бере аласыңар:

— Элсом электрондук капчыгы 0771948422

— Алыш-бериш эсептери:

1180000073417385KGZ ,

1180000073417486USD,

BENEFICIARY BANK SWIFT: DEMIKG22, BIC: 118005,

Бакиров Алик Нурланович, Демир банк.

— Ошондой эле каражат топтоо Панфилов көчөсү 164а-43 дарегинде жайгашкан Empower Blind People биримдигинин кеңсесинде да жүргүзүлүүдө.

Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номурларга байланышка чыгуу болот: 0702282229 Алик, 0559080588 Нургүл.

Авторлор: Александра Титова жана Гүлнура Жумаева