Парламент төраганы кайра шайлайт

20-апрелдеги добуш берүүдө эки талапкер тең бирдей сандагы добушка ээ болгондуктан депутаттар парламент төрагасын шайлай алышкан жок. Ага байланыштуу жаңы талапкерлердин катышуусундагы жаңы шайлоо жарыяланды.

20-апрелде парламент эки талапкердин — «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаевдин бирөөсүн төрага кылып тандашы керек болчу.

Бирок эки талапкер тең депутаттардын бирдей сандагы добуштарына ээ болушту — ар бири 51ден. Дагы 14 депутат экөөнө тең каршы добуш беришти.

Талапкер төрага кызматына шайланышы үчүн ал 60тан ашык депутаттын колдоосуна ээ болушу керек болчу.

Төраганы тандоодо эки талапкердин тең бирдей сандагы добуш алган учуру — прецеденттүү. Парламент регламентинде мындай учурда эмне кылуу керектиги жазылган эмес. Жаңы талапкерлердин катышуусунда кайра шайлоо өткөрүү чечимин парламенттик фракция лидерлери бир сааттын кеңешүүдөн кийин кабыл алышты.

Төраганы шайлоо зарылдыгы ага чейинки төрага Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбековдун премьер-министр болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктарын тапшыргандан кийин жаралган.