Президент Алмазбек Атамбаев «Түкүрбө! Не плевать!» деген жазууларды чаптап, көчөлөрдөгү түкүрүктөргө каршы күрөшүп жүргөн  бишкектик активист Куштар Мамыталиевди колдоду. Өлкө башчысы ага өз фондунан 50 миң сом бөлдү.

Президент Алмазбек Атамбаев түкүрүктөргө каршы күрөшүүгө өз фондунан 50 миң сом бөлдү. «Түкүрбө! Не плевать!» акциясын колдоо тууралуу буйрукка ал 21-апрелде кол койду.

Акциянын демилгечиси Куштар Мамыталиев өлкө башчысынын аппаратындагылар аны менен өздөрү байланышка чыгышып, жардам сунуштагандыктарын айтты. Буга чейин активист жардам сурап эч кимге кайрылган эмес жана акциянын чыгымдарын өз чөнтөгүнөн жаап келген.

«Бул көйгөйгө көңүл бургандыгы үчүн президентке ыраазычылык билдирем. Бирок экинчи жагынан алып караганда ал көйгөй 50 миң сомго чечилбейт, ал эмес 100 миң сомго да чечилбейт», — деди Мамыталиев Kloop.kgге курган маегинде.

Мамыталиев адамдар шаар көчөлөрүндө түкүрүнгөндү токтотсун деген максатта апрелдин башынан тарта шаарга «Түкүрбө! Не плевать!» деген жазууларды чаптап баштаган.

Ал президенттен алган акчаны андай жазууларды кошумча басып чыгарууга коротууну пландап жатат.

«Ар бир 100 метр сайын беш-он түкүрүк көрөсүң. Көчөдө түкүрүнгөндөр абдан көбөйүп кетти, аларга эч ким эскертүү бербейт. Ал түкүрүктөр өлкөгө болгон көңүл коштук тууралуу айтып турат», — деди активист.

Мамыталиев түкүрүнүү көйгөйү менен мамлекеттик деңгээлде күрөшүү керек деп эсептейт.

«Көйгөдүн тамырын тереңден издөө керек, азыр эч ким алектенбей калган билим берүүдөн, тарбиядан. Бардыгы мектептен башталуусу керек: шаарда өзүн алып жүрүү боюнча ачык сабактар өткөрүлүшү керек. Ага Билим берүү министрилиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги кошулушу керек, анткени анын баары бири-бирине байланыштуу», — деп кошумчалады Мамыталиев.

Куштар Мамыталиевге Бишкектеги башка активисттер менен ыктыярчылар да кошулушкан. «Түкүрбө! Не плевать!» акциясы «Фейсбук» социалдык түйүндөгү кыймылга айланды. Азыр ал баракча төрт миңден ашык жазылуучуга ээ.