БУУнун адам укуктары боюнча эксперттери Кыргызстан бийлигинин укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотуп, аны күнөөсүз деп табышын талап кылышты. 2010-жылы ал «массалык башаламандыктарды уюштуруу» жана «милиционерди өлтүрүүгө катышуу» айыптары менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча комитетинин мүчөлөрү Кыргызстан тез аранын ичинде Азимжан Аскаровду бошотуп, аны күнөөсүз деп таап, келтирилген чыгымдарды төлөп берүүсү керек деп эсептейт. Мындай билдирүүсүн комитет 21-апрелде өз сайтына жайгаштырды.

«[…] ал мыйзамсыз кармалган, адам чыдагыс шарттарда кармалып, кыйноолорго жана ырайымсыз мамилелерге дуушар болгон, ошондой эле соттук териштирүүлөр үчүн өз коргоосун тиешелүү деңгээлде даярдоо укуктарынан ажыратылган», — деп түшүндүргөн комитет өз чечимин.

Ошондой эле БУУнун эксперттери Кыргызстан Аскаровдун кыйноолор тууралуу даттануулары боюнча натыйжалуу тергөөнү «камсыз кылган жок» деп эсептешет. Алардын пикирлеринде, 2013-жылы жүргүзүлгөн тергөө иш-чаралары калыс эмес болгон.

«[Анын жүрүшүндө] укук коргоо органдарынын, соттордун, соттук катчылардын жана прокуратуранын 100дөн ашык кызматкери суракка алынган, бирок [Аскаровдун] жактоочулары, туугандары жана анын камактагы кезинде барып турган укук коргоочулар суракка алынышкан эмес», — деп билдирди комитет.

БУУнун укук коргоочулары Аскаровдун жактоочулары сотто көптөгөн тоскоолдуктарга кабылгандыктарын билдиришти: айыпталуучу өз жактоочусу менен көзмө-көз жолуга алган эмес. Андан сырткары каза болгон милиционердин туугандары Аскаровдун жактоочусуна бир канча жолу кол салышкан. Комитеттин пикиринде, ал «жактоочунун өзүнүн профессионалдык милдеттерин тиешелүү деңгээлде коргоосуна шайкеш келбеген жалпы коркуу атмосферасын» түзгөн.

Аскаровго каршы айыптоолор

Азимжан Аскаров ― этникалык өзбек ― «Воздух» укук коргоо уюмун жетектеген жана 15 жыл бою Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы милиция кызматкерлери тарабынан жасалган кыйноо фактыларын чагылдырып келген.

2010-жылдын 15-июнунда ал жергиликтүү райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Бийлик аны «массалык башаламандыктарды уюштурууга», «улуттар аралык кастыкты козутууга» жана участкалык милиционер Мыктыбек Сулаймановду «өлтүрүүгө» айыптаган.

Анда борборазиялык укук коргоочулар Кыргызстандын ал кездеги президенти Роза Отунбаевага жолдогон кайрылууларында Аскаров кармалардан бир аз мурун башамандыктардын курмандыктары тууралуу маалыматтарды топтоп, талоончулук фактыларын документтештирип, видеого түшүрүп жүргөндүгүн жазышкан.

Аскаровдун өкүлдөрү Kloop.kgге курган маектеринде ал документтер менен түшүрүлгөн видеолор укук коргоочунун үйүн тинтүү маалында милиция кызматкерлери тарабынан алынган деген божомолдорун айтышкан. Айыпталуучунун жактоочулары тергөөнүн жүрүшүндө Аскаровго карата кыйноо ыкмалары колдонулгандыгы тууралуу бир нече жолу билдиришкен.

2010-жылдын аягында Аскаров Базар-Коргон райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган, а бир жылдан соң райондук соттун ал чечимин Кыргызстандын Жогорку соту күчүндө калтырган.

Кыргызстандын жана эл аралык укук коргоо уюмдары Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгуу жана ага карата чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине бир нече жолу кайрылышкан.

2015-жылдын июнунун башында Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мундун Кыргызстанга болгон сапарынын жүрүшүндө «Бир дүйнө» укук коргоо уюму укук коргоочу 2011-жылы эле билдирген ден соолугунун начарлагандыгына байланыштуу Аскаровго карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарып, аны бошотуу талабы менен өлкө жетекчилигине жаңы кайрылуу жолдогон.

Адам укуктары үчүн эл аралык федерация (FIDH) 2015-жылдын сентябрында Аскаровдун бошотулушу үчүн күрөшө турганын билдирген. Анда FIDH президенти Карим Лахиджи Кыргызстанга болгон сапары маалында Аскаровду иши «эл аралык деңгээлге» чыккан «улуу укук коргоочу» деп атаган.

Мамдептин сыйлыгы

АКШнын Мамлекеттик департаменти Аскаровду «Адам укуктарын коргоочу» сыйлыгы менен 2015-жылдын 16-июлунда сыйлаган. Ал Кыргызстандын жетекчилигинин терс реакциясын жараткан. Анда  өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Аскаровду кылмышкер деп атап, АКШнын ал аракети өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерге «олуттуу зыян алып келерин» билдирген.

«Кыргыз тарап А.Аскаровдун ишмердүүлүгү үчүн сыйланбагандыгына ишенет, бул анын улутуна жана 2010-жылдагы июнь окуяларынын жүрүшүндөгү кылмыш иши боюнча соттолгондугу макамына шартталып сыйланган», ― деп билдирген ТИМ июлда.

Аскаровдун Мамдептин сыйлыгы менен сыйланышынын жыйынтыгында Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташуу тууралуу базалык келишим кыргыз тараптын демилгеси менен денонсацияланган.