Казакстандын депутаттары балдарды зордуктоо үчүн химиялык бычуу жазасын киргизүүнү сунушташты. Президент Нурсултан Назарбаев ал идеяны жактырып, мыйзам долбооруна кол койду.
21-апрелде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев балдар укуктарын коргоо тууралуу мыйзамга кол койду. Ага ылайык, жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулук көрсөткөндөр үчүн зордоп химиялык бычуу жазасы киргизилет.
Биринчилерден болуп демилгени өлкөнүн Башкы прокуратурасы көтөрүп чыгып, аны балдарга карата жасалган кылмыштардын кескин өсүп кеткендиги менен негиздеген.
Казак депутаты Бырганым Айтимованын айтымында, химиялык бычуу — бул кайра баштагы калыбына келүүчү процесс. Анан да ал соттун чечиминен кийин гана ишке ашырылат.
«Бул бир жолку ийне саюу. Бул деген ага ийне сайып, ал өмүр бою ошондой бойдон калат дегенди түшүндүрбөйт. Таптакыр андай эмес. Анан да ал соттун чечими болгон учурларда гана ишке ашырылат», — деген Айтимова Новости-Казахстан порталына курган маегинде.
Химиялык бычуу механикалык бычуудан айырмаланат жана анда жыныстык активдүүлүктү азайта турган дары-дармектер сайылат.
Кыргызстанда химиялык бычууну киргизүүнү 21-апрелде акыйкатчы Кубат Оторбаев сунуштады.
Бирок аны социал-демократтар фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров сынга алып, буга чейин парламентке андай мыйзам долбоору киргизилгенин, бирок депутаттардын колдоосун таппагандыгын билдирди.
Кыргызстанда химиялык бычуу чарасын киргизүүнү депутаттар Дастан Бекешев менен Турсунбай Бакир уулу сунушташкан. Алар «бачабаздарды химиялык бычуу» тууралуу мыйзамдын долбоорун 2013-жылдын башында сунушташкан. .
Президент Алмазбек Атамбаев ал идеяны колдогон, бирок кийинчерээк мыйзам долбоорун кабыл алуудан баш тарткан. Өлкө башчысынын пикиринде, мыйзамдын ишке ашырылышы коюлган максаттарына жетпей, кылмышкерлер үчүн чыныгы жазаны камсыз кыла алмак эмес.
Зордоп химиялык бычуу жазасы учурда Молдавия менен Польшада колдонулат.