Парламентте эң көп добушка ээ президенттик КСДП фракциясы төрагалык кызматка өз лидери Чыныбай Турсунбековду көрсөттү. Анын талапкерлигин дагы эки фракция колдоду.

КСДП фракциясы парламенттин төрагасы кызматына Чыныбай Турсунбековду көрсөттү. Бул тууралуу Kloop.kgге социал-демократтардын катчылыгынан билдиришти.

Фракция лидеринин талапкерлигин көрсөтүү чечими бир добуштан колдоо тапкан. Азырынча эгер Турсунбеков төраганы шайлоодо жеңишке жетсе, анын фракция лидери ордун ким ээлей тургандыгы белгисиз.

«Азырынча ал маселе көтөрүлө элек, жакынкы убактарда фракция чогулуп, бул маселени күн тартибине алып чыгат», — деп билдиршти КСДПнын катчылыгынан.

Буга чейин Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин колдой тургандыктарын «Республика — Ата-Журт» жана «Ата Мекен» фракциялары билдиришкен.

Турсунбеков Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришкенден бери фракция лидери болуп келе жатат. Парламенттин азыркы чакырылышында КСДП 120 орундун 38ине ээ.

Парламент төрагасын кайра шайлоо кезектеги пленардык жыйында болот.

Андай зарылчылык буга чейинки шайлоодо эки талапкер тең — «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев — бирдей сандагы добуштарга ээ болгондон кийин жаралган.