Эгер парламент төрагалыгына Чыныбай Турсунбеков көрсөтүлсө оппозициялык «Республика — Ата-Журт» фракциясы менен «Ата Мекен» фракциясы КСДПны колдой тургандыктарын билдиришти.

«Республика — Ата-Журт» фракциясы парламент төрагасы кызматына бирдиктүү талапкердин көрсөтүлүшүн колдойт.

Эгер экинчи жолку шайлоодо КСДП Чыныбай Турсунбековдун талапкердигин көрсөтө турган болсо, оппозиционерлер аны колдоо ниетинде.

«Эгер Коалиция жана КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Акунович Турсунбеков төрага кызматына көрсөтүлө турган болсо, анда биздин фракция КСДП фракциясынын Жогорку Кеңеште эң көп өкүлү бар экенин эске алуу менен анын талапкерлигин бир добуштан колдой тургандыгын расмий билдирет», — деп жазылган «Республика — Ата-Журттун» билдирүүсүндө.

Ушундай эле билдирүүнү «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев да жасады.

«[…] Биздин фракция төрага кызматына КСДПнын талапкерин колдоого даяр. Эгер алар ал кызматка Чыныбай Турсунбековду сунушташса, биз анын талапкерлигин колдойбуз», — деп жазды «Кабар» маалымат агенттиги анын айткандарын.

Жакынкы убактарда калган фракциялар өз талапкерлерин көрсөтүүлөрү керек.

Парламент төрагасын кайрадан шайлоо кезектеги пленардык жыйында өтөт. Андай зарылчылык буга чейинки шайлоодо эки талапкер тең — «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев — бирдей сандагы добуштарга ээ болгондон кийин жаралган.

Тема боюнча: Парламент төраганы кайра шайлайт

Депутаттар мындай учурга биринчи жолу туш болушуп, фракция лидерлери башка талапкерлердин катышуусундагы жаңы шайлоо өткөрүү чечимине келишкен.

Төраганы шайлоо зарылдыгы ага чейинки төрага Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбековдун премьер-министр болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктарын тапшыргандан кийин жаралган болчу.