Милиция Алма-Ата жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Фрунзе» гипермаркетинин имаратын курчоого алган. Дүкөндүн кызматкерлери «аялдын шектүү сумкасын» табышкан. Ал жерге барган саперлор сумканы текшергенде эч нерсе табылган жок.

Окуянын күбөсү Kloop.kgге имаратты 22-апрелде болжол менен саат 12:45те курчоого алгандыктарын айтты.

Бишкек шаардык ИИББсинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев Kloop.kgге милицияга 22-апрелде, «Фрунзе» гипермаркетинин имаратынан «аялдын шектүү сумкасын» тапкандан кийин кайрылышкандыгын билдирди.

«Азыр имарат курчоодо. Адамдар сыртка чыгарылды. Имараттын ичинен аялдын шектүү сумкасы табылды. Азыр ИИМден саперлорду күтүп атабыз», — деген Казабаев.

Ал жерге барган саперлор сумканы ачканда ал бош болуп чыкты. Имараттын айланасындагы курчоо алынып, «Фрунзе» ишин улантууда.

Бул быйыл саперлор гипермаркеттин имаратынан бомба издеген алгачкы учур эмес. 30-январда белгисиз адамдар ЦУМдун имаратында жарылуучу заттын бар экенин кабарлашкан. Бирок ал жерге барган милиция кызматкерлери бомба табышкан эмес.

Сүрөт жана видео: окуянын күбөсү Игорь.