Куштар Мамыталиев — Facebookта төрт миңден ашык киши жана президент Алмазбек Атамбаевдин өзү колдоого алган «Түкүрбө: Не плевать» акциясынын демилгечиси. Kloop.kg Куштар менен шаар көчөлөрүнө эскертүү баракчаларын чаптоо идеясынын кантип пайда болгондугу, көйгөйлөр жана өлкөнүн келечеги тууралуу маектешти.

Демилгенин эмне себептен пайда болгондугу жөнүндө

Мен мугалиммин, мектепте иштейм, англис тилинен сабак берем. Мектеп Silk Road деп аталат.

Көптөгөн жылдар бою чет өлкөдө жашагам. Бишкекке келгенде биринчи эле көзүмө көчөдөгү түкүрүнгөн адамдар урунду. Мен аларга абдан кыжырым келип, кайсыл бир учурда алар тажатып жиберишти. Менин чыдамым кетип, күндөрдүн биринде «Бета Сторестин» жанынан өтүп бара жатып көчөдө түкүрүнүп турган такси айдоочуларын көрүп, жарылып кеттим.

Куштар Мамыталиев, «Түкүрбө» акциясынын уюштуруучусу
Куштар Мамыталиев, «Түкүрбө» акциясынын уюштуруучусу

«Байке, түкүрбөсүнүз», дедим мен өтө орой үн менен. Оройлугуман өзүм да коркуп кеттим. А аны уккан такси айдоочусу болсо кечирим сурады.

Бирок андай жол менен аракеттенсем карыганга чейин жашабай калышым мүмкүн деп ойлодум. Анан дизайнер досум менен кеңешип, көчөлөргө чаптоо үчүн анын чоң тамгалар менен «Түкүрбө» деп жазып берүүсүн өтүндүм.

Алгач 4,5 сомдон 160 даана басылып чыкты. Аларды көрүнгөн жерге чаптап баштадым, анткени мени баары тажатып жиберишкен. Маршруттук таксилердин ичине кирип, чаптап койсом болобу деп сурандым. Бирок алардын айдоочулары мени акылынан адашкан келесоолорду карагандай карашып, бирок бир аздан соң «мейли-мейли» деп айтышты.

Адамдардын кандай реакция жасагандыктары жөнүндө

Акция күтүүсүздөн эле болуп калган, мен андан башка эч нерсе пландаган эмесмин. Бирок ал адамдарга керек болуп чыкты, ал көйгөй адамдардын жандарына батыптыр. Facebookтагы колдоолор бомбанын жарылганындай эле болду. Мен баракча ачкандан кийинки беш күндүн ичинде эле эч кандай жарнамасыз эле аны миңге чукул колдонуучу жактырды. А бүгүн болсо, жыйырма күндөн кийин, жактыргандардын саны 4 миңге жетейин деп калды. Бул ал баракчанын ийгилиги тууралуу эмес, а көйгөйдүн актуалдуулугу тууралуу айтып турат.

Адамдар мындан ары чыдай алышпайт жана кандай гана акция болбосун аны колдоого даяр. Жүз метрге жетпеген аралык басып өтүп эле шаар көчөлөрүндө түкүрүнүп аткан адамды көрүүгө болот. Же болбосо көчөнүн тигил тарабында, же унаадан, же аялдамада түкүрүп аткан адамды көрөсүң да. Басып баратып көчөлөрдөн түкүрүктөрдү көрөсүң. Анын баарын чыдоого болбойт.

Мен эскертүү жазууларын көчөлөргө чаптап жатканда адамдар атайын токтошуп, колумду кысып, ыраазычылыктарын билдиришет. Бир апа өтүп баратып токтоп, ыраазычылыгын билдирип, жашып кетти. «Жакшы иш кылып жатасың», деди. Мен ага жооп кылып баары жакшы болорун айттым.

Кандай кыйынчылыктардын болгондугу жөнүндө

Дүкөндөргө чаптаганда дайыма уруксат сурайм. Бардык дүкөндөрдүн 90 пайызынга жакынында уруксат беришкен жок, анткени ал алардын кооз эшиктеринин көрүнүшүн бузат экен.

Мен чаптаган жазуулардын баары сыйрылган. А сыйрылбагандары сызылып, үстүнө башка нерселер жазылган. Мен күн сайын аялдамага чыгып чаптап турам, кайра келсем — жок. Чаптап келип, кайра чыксам — сызып салышкан. «Не плевать» дегендин ордуна «мне плевать» деп жазып коюшкан. Эч нерсе эмес, менин үйүмдө миңдеген эскертүү баракчалары бар, мени жеңе албайсыңар.

Кимдердин жардам берип жаткандыктары жөнүндө

Жасалган иштер тууралуу Facebookка жазып баштаганымда бир бала телефон чалып, жардам бере ала турганын айтты. Типографиядан чалып жатканын айтты. Ал мага дизайнын жакшыраак кылып, жарым баасына басып чыгарып берүүнү сунуштады, анткени бул көйгөй аны да тажатып жиберген экен. Ал ушундай жол менен өз салымын кошууну каалаган. Биз макулдашып, ал мага жаңы дизайндагы, жакшы сапаттагы баракчаларды чыгарып берди.

Көптөгөн адамдар мага ыраазычылыктарын билдиришип, колдоо сөздөрүн жазып жатышат. Көпчүлүгү ал эскертүү баракчаларын сурап башташты, мен физикалык жактан алардын ар бири менен жолугууга чамам жетпей калды, ошондуктан баракчаларды ЦУМда иштеген досума таштап, каалоочуларга ошол досумдун тараптып туруусун туура көрдүм. Адамдар өзүлөрү жардам сунушташып, «Элсом» ачыңыз», биз акча салып турабыз», деп айтышты.

Андан кийин журналисттер кайрылышты. Мен алгач жөн гана демилге тууралуу маалымат берип коюп, ТВдан көрүнбөй эле койсом дегем. Бирок журналисттер: «Сизди көрсөтпөсөк кантип материал даярдайбыз?», деп айтышты. Анан жеке жашоомду курмандыкка чалууга туура келди, анткени мага «эгер жүзүңүздү көрсөтпөсөңүз, материал чыкпайт, көйгөй ал демилгенин артында ким турарын көрсөткөндө гана кызыктуу болот», деп айтышкан.

Келечектеги пландары жөнүндө

Мени жаштар уюмдары менен мэрия өкүлдөрүнүн жолугушуусуна чакырышты, ал жерден вице-мэр Айгүл Рыскулова менен тааныштым. Ал мага терең ыраазычылыгын билдирип, телефон номурун калтырып, каалаган убакта кайрылсам болорун айтты.

Мага эшиктер ачыла баштады. Болгону менин идея менен баруум керек, анан алар ишке ашырылат. Мэрияга чыгуу мүмкүнчүлүктөрү да бар.

Мен мектепте иштегендиктен кийинки идеям окуучуларым жана акын Акбар Кубанычбеков менен ыр жаздыруу. Биз өтө позитивдүү клип тарталы деп жатабыз — бизге аны бекер тартып берүүнү убадалаган адамдар да табылды. Аны май айында ишке ашыралы деп атабыз.

Идея толтура. Долбоор башталган жыйырма күндүн ичинде биздин көйгөй айдала элек дың жердей экенин түшүндүм. Жакынкы жылга карата пландар керек болгондон да көп, алар болгону жакынкы гана жылга.

Түкүрүнүү — оорунун белгилери гана экендиги жөнүндө

Адамдар аңкоолуктан же жамандыгынан түкүрүп жаткан жок. Ал жөн гана адат болуп калган. Эгер эскертүү кылбасаң ал аларга кадимки көрүнүштөй эле сезилет. Мен көчөдөн токтотуп, түкүрбөөсүн өтүнгөн бир киши таң калып: «Ого, мен таң калып атам, ушунча жылдан бери мени биринчи жолу кимдир бирөө токтотуп, түкүрбөшүмдү өтүнүп жатат», деди.

Мени көчө жээктеринде какырыктардын көптүгү тажатты. Мен шаардын бардык көйгөйлөрүн чече албайм. Мен ичинде кандай сасык экенин айтып даттануу үчүн маршруттук таксиге кирбейм. Мен таштандыга даттанбайм, шаардагы бардык жаман нерселерге көзүмдү жумуп коем. Бирок ар бир беш кадам сайын какырыктарды көрүп жатсаң — ага чыдоого болбойт.

Көйгөйлөр жана Кыргызстандын келечеги жөнүндө

Кээ бирде бир жерге кетип калгың келет, бирок каякка, өзүңдөн качып кутула албайт эмессиңби.

Бишкек ушунчалык кооз шаар, жомоктогудай сезилип кетет. Мен эки жыл чөлдө жашап келдим, качан Бишкекке келгенимде ал мага бейиштей эле көрүндү. Миллиарддаган долларларга ээ бай мамлекеттерде биздегидей жаратылыш жок.

Мен Катарда мугалим болуп иштечүмүн, менде шейхтердин балдары окушчу. Мен алардын ата-энелери менен көп жолукчумун, Кыргызстан жөнүндө алар биринчи жолу менден угушчу. Бирок окуучуларымдын ата-энелери бизде болуп калса мен абдан уялмакмын. Алар дем алыш сайын Европага барып турушат, шейхтерди чакыруу үчүн биз өлкөбүздү нормалдуу кылышыбыз керек.

Чет өлкөлүк эмне кылат? Мейманканадан чыгып, ЦУМдун жанынан өтөт — анда бүт түкүрүк. Аянтка барат — ал жер да түкүрүк. Андагы аркалардан өтөт — ал жер да түкүрүк. Шаарда таза жер жок. Силер чет өлкөлүктөр шаарга карайт дейсиңерби? Жок, алар филармонияга чейин барышат да анан тоону көздөй жөнөшөт. Ал жактан Ысык-Көлгө кетишет.

Ар бир экинчи киши болбосо да ар бир үчүнчү киши түкүрүнөт. Алардын бардыгы тең Кыргызстандын имиджине түкүрүшөт. Алар бир эле түкүрүү менен өлкөнүн имиджин бузуп кое тургандыктарын түшүнүшпөйт. Ансыз деле биздин өлкөнүн имиджи жакшы эмес, алгач бирөөсү «кыш болбойт» деген сөзү менен чыгат, анан коркунучтуу адамдары менен революция көрсөтүшөт. Ошондуктан бизге эч кимдин келгиси келбейт.

Мен Кыргызстанды кыдырып саякаттаган бир швейцариялыкты жолуктурдум. Ал биздин дааратканаларды тартып жүрүптүр. Мен анын эмнеге дааратканаларды тартап жатканын сурасам ал: «Мен мындайды эч качан эч жерден көргөн эмесмин!», деп жооп берди. Ал сүрөттөрдү өзү менен кошо алып кетип, барган жеринде биздин кооздугубузду эмес, а келишкен дааратканаларыбызды көрсөтөт да.

Ал чет өлкөлүктөр биздин жолдорду, шаарларыбызды, адамдарыбызды көрүшөт да алардан алган бардык таасирлерин ала кетишет. Бирок алар биз жөнүндө таптакыр жаман айтышпайт, анткени алардын тарбиясы жакшы. Алар үчүн анын баары укмуштуу окуя, а биз үчүн — а биз болсо ошол акыр-чикирде жашап жатабыз.

Жаратылышыбыздын кооз экендиги биздин сиңирген эмгегибиз эмес. Жаратылыш өзү менен өзү, ал адамдарга көз каранды эмес. Эгер маданиятыбыз жок болсо ал кооздук менен сыймыктанып кереги жок. Коом өзгөрүшү керек жана адамдар өзгөрүүлөрдү өзүлөрү демилгелеши керек.

Тема боюнча: Атамбаев көчөдөгү түкүрүктөргө каршы күрөшүүгө 50 миң сом бөлдү