Борбор калаага Кытайдын Үрүмчү шаарынан он автобус алынып келинди. Бишкек бийлигинен билдиришкендей, автобустар эки шаардын ортосундагы кызматташуунун алкагында белекке берилген.

Жаңы алып келинген автобустардын ачкычтарын Үрүмчү шаарынын вице мэри Албек Ибраимовго тапшырды. Газ менен жүргөн автобустар 35 жүргүнчүгө ылайыкталган.

bishkek_newbus (2)

bishkek_newbus (8)

Бишкек мэриясынын маалыматында, автобустар 29-апрелден тарта иштеп, жүргүнчүлөрдү ташый баштайт.

bishkek_newbus (3)

bishkek_newbus (7)

Автобустар №42 маршрут — 12 кичирайондон Ала-Тоо конушу — менен жүрмөкчү.

bishkek_newbus (4)

bishkek_newbus (6)

Учурда Бишкек мэриясынын балансында 500дөй автобус болсо, аларды жарымына жакыны жараксыз абалда.

bishkek_newbus (10)

bishkek_newbus (11)

Авторлор: Заирбек Таирбек уулу, Марлен Жамалов