Кыргыз укук коргоочулары АКШ Мамдепартаментинин адам укуктары боюнча баяндамасы тууралуу ТИМдин билдирүүсүн «маскаралуу» жана «профессионалдуу эмес» деп аташты. Алар мекемени өз милдеттерин аткарууга жөндөмсүз деп айыпташып, анын башчысы Эрлан Абдылдаевдин отставкасын талап кылышты.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин отставкасын талап кылган расмий кайрылууну 25-апрелде юрист Нурбек Токтакунов «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, жарандык уюмдар АКШ мамдепартаментинин Кыргызстандагы адам укуктары тууралуу баяндамасын «саясий опузалоо» деп атаган кыргыз ТИМинин «маскаралуу билдирүүсүнө таң калышты».

Юрист тышкы иштер министрин адам укуктарына көңүл бурбоого айыптап, анын билдирүүсүн «профессионалдуу эмес» деп атады.

«Билдирүү дипломатиялык мекемеге туура келбеген формада түзүлгөн. Манипуляцияланган сөз түрүндөгү билдирүүлөр; «душмандын образын» калыптандыруу; соттун чечиминин жок экендигине карабастан кайсыл бир институттарды кылмыштуу иштерге айыптоо…» — деп жазды Токтакунов.

Ал Тышкы иштер министрлигин «алсыз» деп атап, мекеме Кытайда өлүм жазасына тартылган кыргызстандык боюнча сот чечимин жокко чыгартууга жетише албагандыгын кошумчалады.

«Эрлан Абдылдаев башында турган Тышкы иштер министрлиги өзүнүн түздөн-түз милдеттерин аткарууга жөндөмсүздүгүн көрсөтүп, Бириккен Улуттар Уюмунун баалуулуктарын алсыздантууда, кыйноолор көйгөйүн ырбатып, Кыргыз Республикасынын эгемендүү кызыкчылыктарына чыккынчылык кылууда», — деп жазылган билдирүүдө.

Кайрылуунун алдына «Прецедент» өнөктөштүк тобунун активисттери жана адам укуктарын коргогон башка фонддор менен биримдиктердин өкүлдөрү кол коюшкан.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн ТИМдин расмий өкүлү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин Кыргызстан ТИМи АКШнын мамдепартаментинин баяндамасы — бул «мамлекеттин учурдагы саясий системасына басым жасоо аракети» деп билдирген. Мекеме өз билдирүүсүндө Мамдептин көңүлүнө мурдагы кыргыз бийлиги «абдан жаккандыгын» белгилеген.

ТИМдин пикиринде, баяндама «Кыргызстан элинин салт-санаасына жат көрүнүштөр менен көз караштарды таңуулап келген» «белгилүү бир жарандар» жана уюмдар тарабынан берилген маалыматтарга таянып жазылган.

Мамдептин баяндамасы

Тышкы иштер министрлигинин кызматын аткарган АКШнын Мамдепартаменти 2015-жылга карата дүйнөдөгү адам укуктарынын сакталышына арналган кезектеги баяндамасын 13-апрелде өз сайтына жарыялаган.

Отчет Мамдепартаменттин дүйнө өлкөлөрүндөгү байкоочуларынын жана эксперттердин анализдери менен бааларына негизделген. Анда Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы абалына да баа берилген.

Баяндамада камактагыларга карата укук коргоо органдары тарабынан жасалган кыйноолор, сексуалдык жана этникалык азчылыктарга басым жасоо, журналисттерди куугунтуктоо, дин тутуу эркиндигин чектөө, адамдарды сатуу жана эл аралык өкмөттүк эмес уюмдарды куугунтуктоо учурлары белгиленген.